• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Биометрикалык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барган учурда билдирди.

«Биз жакын арада буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип, анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго, жалпысынан республикабызга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат. Бүгүнкү күндө мекендештерибиз үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн визасын алуу барган сайын кыйынга турууда. Биз бул жагдайдан чыгып, паспорту ээси үчүн бүткүл дүйнөгө эшик ачкан өлкөлөрдүн бирине айланышыбыз керек. Бул үчүн эл аралык деңгээлдеги паспорттор кажет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, республикада жалпы жарандык электрондук паспортторду берүү 2019-жылы башталмак. 2018-жылы 1,2 млрд сомго жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланган. Эң минималдык эмес сумма – 940 млн 150 миң сом сунуштаган - «Гарсу Пасаулис» литвалык компаниясы жеңүүчү катары таанылган. Немистик Muhlbauer ID Services «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилгенин» билдирип, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, сотко берген.

Өкмөт башчы Калкты тейлөө борбору – 2нин ишинин бардык баскычтары менен таанышып, тейлөө кызматтары көрсөтүлүп жаткан жарандар менен маектешти.

«Мурдагыдай узун кезектердин жок экендиги кубандырат. Имарат кенен, бул калкты тейлөө үчүн адистерди көп жайгаштырууга шарт түзөт. Санариптештирүү элементтери мында иштеп баштаганын белгилеп кетким келет. Мисалга алсак, электрондук кезек. Биз жарандар үчүн болушунча жакшы шарттарды түзүү маселесин карап чыгышыбыз керек. Бул үчүн жаңы имарат куруп же аянты чоң башка имаратты ижарага алуу зарыл. Калкты тейлөөнүн деңгээли жана сапаты биринчи кезекте түзүлгөн шарттардан көз каранды», - деп баса белгиледи Премьер-министр.

Ал ошондой эле «Унаа» мамлекеттик ишканасына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендер менен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту. Негизинен алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам түзүлгөн узун кезектерге тийиштүү.

«Чындыгында, мында адамдар көп, кезектер чоң. Бул маселени чечүү керек. Калкты тейлөө терезелерин көбөйтүү же башкармалыкты башка кеңири жерге көчүрүү абзел. Имарат ыңгайсыз жана тар. Жөнөкөй эле жарык берилген эмес, коридор караңгы. Азыр көптөр унчуккан жок, себеби бир нече саат кезек күтүп туруп чарчашкан. Бирок, мында коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем. Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан унаа каражаттарына мамлекеттик номерлерди чыгаруу процесси менен таанышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Калкты тейлөө борборунун, ошондой эле «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине бүгүнкү кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий