• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: «Бир айыл – бир продукт» долбоору өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылат»

Өкмөт 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. «Бир айыл – бир продукт» долбоору өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, гранттык жана жана техникалык жардамдарды аймактарга буруу абдан зарыл.

«Аймактарга Doing Business рейтингинин улуттук аналогун киргизүү иштерин баштоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар бир регион боюнча уруксат кагаздары, жер маселелери, инфратүзүмгө кошулуу жана жеңилдиктерди камтыган атайын инвестициялык лотторду даярдоо зарыл. Ошону менен бирге буга чейин өзүн жакшы көрсөтө алган “Бир айыл – бир продукт” долбоорун республиканын бүт аймактарына жайылтабыз», – деди Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий