• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна сапарынын алкагында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов унаа жолунун 61-чакырымындагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымдады. Долбоордо 4 жана 6 кыймыл тилкеси, көпүрөнү оңдоп кеңейтүү, чакан жасалма курулуштар, сууну агызуу курулмалары, базарлардын жанында унаа токтотуучу жайлар, автопавильондор, тротуарлар каралган. Келишимдин суммасы 70, 24 млн АКШ долларын түзөт.

Анын маалыматы боюнча, буга чейин курулуш иштери графиктен кечеңдеп келген, бирок бүгүнкү күнү бардык маселелер чечилген, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги унаа жолду реконструкциялоо долбоорун өз убагында аяктоо максатын көздөйт.

Өкмөт башчы белгилегендей, долбоорду каржылоо маселелери жана башка долбоорду ишке ашырууга байланыштуу суроолор толук чечилген, ал бардык иштерди сапаттуу аткарууну камсыз кылууну тапшырды.

«Кыймыл жыш бул жолдо жарандарыбыз кандай ыңгайсыздыктарды тартып жатканын биз билебиз. Аларга чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кийинки жылы бул жерде тиешелүү жол инфратүзүмү бар, жарыктандыруусу жакшы, суу агызуу курулмалары, унаа токтотуучу жайлары, кеңири тротуарлары бар заманбап трасса болот. Жалданма компаниялардын алдында өтө катуу талаптарды коюп жатабыз. Өкмөт бардык оңдоо иштерин сапаттуу аткарууга зор көңүл бурат жана белгиленген мөөнөтүндө аяктайт», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен долбоорду ишке ашыруу максаттарында тыгыз иштешүү милдетин койду.

Пикир

Оставить комментарий