• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев Бишкек шаардык ЖЭБдин ишин көзөмөлдөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы ЖЭБ ишин көзөмөлдөп, анда энергетикалык тармактын ишкана жетекчилери менен жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жүрүшүн талкуулады.

ЖЭБди кыдыруунун жүрүшүндө Өкмөт башчы от казан цехин, машиналык залдын жаңы бөлүгүн, жылуулук электр борбору башкармалыгынын башкы щитин, суу өткөрүү түтүктөрүнүн техникалык каражаттарын жана химиялык суу тазалоочу жабдууларды көрүп чыкты.

Ошондой эле Премьер-министр жаңы каражаттар менен жабдылган 1-кезектеги химиялык суу тазалоо цехинин иштөөсү менен таанышты. Бул цех иштин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, реагенттерди пайдаланууну азайтуунун жана заманбап технологияларды ишке киргизүүнүн эсебинен суу тазалоо өндүрүшүнүн чыгымдарын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин иондук алмашуу технологиясы колдонулган.

Бишкек шаардык ЖЭБ директору Андрей Воропаев маалымдагандай, ишкананы модернизациялоо негизинен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.

Анын айтымында, жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу – саатына 144 куб метр сууну айлантат. Учурда 28 насос иштеп жатат, 4 интегралдык суу тазалагыч орнотулган жана үч ультра чыпкалоочу I-II даражадагы система орнотулган. Жаңы химиялык суу тазалагыч экологиялык ченемдерге жооп берет, жабдуулар автоматтык режимде иштейт, бул Бишкек шаардык ЖЭБдин жабдууларды колдонуусун жеңилдетет.

ХВО I жаңы системасы ишке киргизилгенге чейин Бишкек ЖЭБ химиялык суу тазалоого даярдык цехинин учурдагы жалпы өндүрүмдүүлүгү саатына 360 м3 түзгөн. Азыркы кезде химиялык цехтин кубаттуулугу саатына 504 м3 түзөт.

Ошондой эле турбиналык жана от жагуучу цехти жылуулоо жана айнек менен жабдуу иштеринин жүрүшү тууралуу маалымдалды, мында буга чейин айнектин жоктугунан имараттын ичи суук болору байкалган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жылытуу сезонуна даярдык боюнча иш чаралардын аткарылышы жана учурдагы иштин жүрүшү менен кеңири таанышып чыгып, энергетиктер шаардын электр борборунун үзгүлтүксүз ишин жана жылуулатуу мезгили аяктаганга чейин туруктуу жылуулук берүү менен камсыздоолору зарылдыгын баса белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, энергетиктер борбор шаардын ЖЭБ жана өлкөнүн башка энергетикалык объектилерин пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгууга тийиш.

Анын ичинде энергия өндүрүүгө, берүүгө жана бөлүштүрүүгө катышкан бардык ишканалардын ишин жакшыртуу боюнча мындан аркы иш-чараларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгү көрсөтүлдү.

Өкмөт башчыга ошондой эле жалпы энергетика тутумундагы учурдагы абал жана башкы энергетикалык объектилерге көмүр жана мазутту өз убагында сатып алуу жана калк үчүн көмүр сатуу пункттарын уюштуруу боюнча буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымдалды.

Атамекендик өндүрүштү өнүктүрүү боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн иштерди эске алуу менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ири инвестициялар салынган бардык өнөр жай объектилери түйүнгө өз убагында кошулууга жана тиешелүү көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыздалууга тийиш экенине өзгөчө басым жасады.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле коррупция менен күрөш маселелерине токтолуп, Өкмөт тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ырааттуу жана активдүү иштерди жүргүзө турганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий