• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Бишкек заманбап, ыңгайлуу жана жашыл шаар болуусу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө борбордун 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарычыгарылып, ошондой эле 2019-жылга карай артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы эскерткендей, Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы кабыл алынган, ага ылайык, бардык мамлекеттик органдар аны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн максималдуу күч-аракеттерди жумшоосу зарыл.

Премьер-министр өткөн жылдын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жана социалдык маанилүү иш-чараларына кеңиритоктолду.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей,Бишкек шаары борбор катары өлкөнүн ИДПсынынүчтөн бир бөлүгүнөн ашуунун камсыздайт жана 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча макроэкономикалык өнүгүүнүн негизги параметрлери боюнча оңдуу динамикалык көрсөткүч орун алган.

Буга катар ал белгилегендей, борбордун экономикасында жана социалдык тармагында бир катар актуалдуу көйгөйлөр бар, анын көпчүлүк бөлүгү көптөгөн жылдар бою чечилбей келген жана бул шаардыктар тарабынан негиздүү сынга кабылууда.

Анын айтымында, ИДП көлөмүнүн 3%га өсүшү өнүгүү үчүн бир топ экономикалык мүмкүнчүлүгү бар шаар үчүн жетишсиз болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө Бишкекте 7 миңден ашуун ишкана иштейт, анын 181и ири ишканалар болуп саналат. Анын көпчүлүк бөлүгү атамекендик экономикнын флагманы катары, продукциялары суроо-талапка ээ болуп, көптөгөн чет мамлекеттерге жөнөтүлөт. Мындан тышкары, мында ири рыноктр жайгашкан. Ошондуктан биз салык төлөмдөрүн тийиштүү түрдө жыйналышын тыкыр көзөмөлдөшүбүз керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошндой эле Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн дарегине жарандардан мыйзамсыз жана башаламан курулуштар тууралуу көп сандаган кайрылуулар келип түшүүдө.

«Шаарда курулуштар жүргүзүлүп, бирок алардын жанында бала бакчалар жана мектептер каралган эмес. Советтик мезгилде шаар боюнча келечектүү пландар жайгаштырылып, шаардыктар эмне, качан,кайда курулаары тууралуу маалымат алып турушчу. Учурда бизде турак жай кварталдарынын келечеги тууралуу маалымат жок. Биз курулушка жер берүүдө элементардуу маселелер – унаа тотктотуучу жайлар, бала-бакчалар, мектеп жана ооруканалар тууралуу ойлонбойбуз. Бишкек шаары унаалардын жана соода түйүндөрүнүн шаары болбостон, ал жашоочуларга ыңгайлуу шаардардан болушу шарт. Турак жайлар социалдык жоопкерчиликсиз курулбашы тийиш. Жерлер узак мөөнөттүү ижарага кетүүдө, бирок алардын келечеги эч кимди ойлондурган жок. Буга биз сиздер менен биргеликте күнөөлүүбүз. Бир чарчы жер берүүнүн астында биз тургундар үчүн кандай шарттар түзүлө тургандыгын, кандай инфраструктура каралгандыгын жана кандай эс алуу зоналары каралгандыгын ойлонушубуз зарыл. Ошондо гана Бишкек анын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана жайлуу болот деп айта алабыз. Борборубуз өзүнүн жүзүн жоготууда, ахитектура жана техникалык коопсуздук жаатындагы органдар бул маселеге олуттуу карашы абзел. Муну мен шаар тургуну катары айтып жатам», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Өкмөт башчы экология маселесине тийиштүү билдирди.

«Албетте, жалпыбыз борборубузинфраструктураны өнүктүрүү боюнча чечкиндүүкадамдарга муктаж экендигин көрүп турабыз. Биз мындан ары карай да жолдордун, көчөлөрдүнтармагын өнүктүрүп, жаңы жолдорду куруп, борбордук көчөлөрдүн жүктөмүн азайтышыбыз керек. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Анткени күн санап жолдогу унаалардын саны көбөйүүдө. Буга катар Бишкек мэриясы шаардыктардын жолдорду реконструкциялоо жана кеңейтүү үчүн бак-дарактарды кыюу боюнча пландарына тийиштүү сын-пикирлерин эске алуусу зарыл. Унаа жолдорун кеңейтүүдө дайыма эле жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келбей тургандыгын түшүнүүбүз керк. Жол айрылыштарын, көпүрөлөрдү, айланып өтүүчүжолдорду иштеп чыгуу керек. Биздин шаар заманбап жана ыңгайлуу жол инфраструктурасына ээ болушу керек, ошол эле учурда шаар чөйрөсүтууралуу унутпашыбыз кажет. Бак-дарактардын маанилүү ролун жана шаардын эстетикалык көркүнэске алуу менен, негизгиси, тургундарды экологиялык жактан коргоону да эстен чыгарбашыбыз зарыл. Жакшы максатта жасалган иштер бири-бирине тоскоолдук жаратпашы зарыл. Ошондуктан муниципалитет бак-дарактарды кыюу ишин тыкыр карап чыгып, аларды колдон келишинче сактап калууга аракет кылуулары керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкөт башчы ошондой эле 12-февралда «Коопсуз шаар» долбоору өз ишин баштай тургандыгына токтолду.

«Бүгүндөн баштап «Коопсуз шаар» долбоору алкагында эреже бузуучуларга айыппул салына баштайт. Көптөгөн эреже бузуучулар унаалардын санынын көптүгүнө байланыштуу дал ушул борбордо орун алууда. Долбоорду ишке ашыруу – бул конкретттүү бир мамлекеттик органдын иши. Биз жалпыбыз менен аны ийгиликтүү ишке ашырылышына өз салымыбызды кошуубуз керек. Айыппул салууда белгилүү кыйынчылыктар, андан баш тартуу, түшүнбөстүктөр орун алуусу ыктымал, бирок биз «Коопсуз шаар» долбоорун тартипти күчтөндүрүү жана жолдордо коопсуздуктукамсыздоо үчүн ишке киргизип жатабыз», - деп белгиледи Премьер-министр.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев борбордун жолдоруна шагыл себүү астында анычайкап алуу мүмкүндүгүн иликтеп чыгуунутапшырды, анткени ал шаардагы чаңдын көтөрүлүшүнө шарт түзүүдө.

Коллегиялык жыйын соңунда Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилигине жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнө айтылган маселелер боюнча конкреттүү апшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий