• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Бишкекте жөө жүргүнчүлөр жолунун жана бульвардын курулушуна даярдыктарды текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-сентябрда, Түштүк магистралы боюнча жөө жүргүнчүлөр жолунун жана Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө бульвардын курулушуна даярдыктарды текшерди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы жеринде жөө жүргүнчүлөр жолунун курулушу боюнча анын тапшырмасына ылайык жүрүп жаткан иштердин жүрүшү, ошондой эле шаардын түштүк бөлүгүндөгү аянты 8 гектардан ашык келечектеги бульвардын долбоору менен таанышты.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Премьер-министрди жөө жүргүнчүлөр жолунун курулуш долбоору менен тааныштырып, тейлөө жана соода объектилери курула турган тилкени көрсөтүп, жөө жүргүнчүлөр жана велосипед жолунун аймактарын жакшыртуу пландары тууралуу айтып берди.

Шаар мэринин айтымында, жөө жүргүнчүлөр жолу Түштүк магистралдын эки жагынан Байтик баатыр көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин чейин курулат. Анын жалпы узундугу 7 чакырымдан ашык. Ошону менен бирге бульварга катарлаш велосипед жолу салынмакчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, жөө жүргүнчүлөр жолу жана бульвар шаардын эң көрүнүктүү жана ыңгайлуу жерлеринин бири болушу зарыл.

«Мэрия жөө жүргүнчүлөр жолун жана бульвардын концепциясын натыйжалуу ишке ашырууга, бардык курулуш иштеринин сапатын камсыздоого, бул жерлер шаардыктардын жана калаа меймандарынын сүйгөн жерине айланышына көңүл бурууга тийиш. Ошону менен катар жаңы транспорттук каттамдарды түзүү жана шаардын жол инфраструктурасын жалпысынан жакшыртуу иштери улантылышы зарыл. Шаарда жөө жүргүнчүлөр да, велосипед айдоочулары да, унаа сүйүүчүлөр да өздөрүн ыңгайлуу сезүүлөрү кажет. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Унаа жолдордун курулушу менен бирге жайлуу аллеялар жана бульварлар, жөө жүргүнчүлөр менен велосипед айдоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жолдор салынышы керек», - деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий