• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Бишкектеги жолдордун курулушунун жана реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаарындагы жолдордун курулушунун жана реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди.

Өкмөт башчы борбордук жолдордун бир катар тилкелерин кыдырып, Ахунбаев, Алыкулов, Профсоюзный, Баялинов, Тоголок Молдо, Кустанай, Мурманск көчөлөрүнүн реконструкцияланышы жана Түштүк магистралын андан ары улантуу долбоору менен таанышты.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Өкмөт башчыга унаа жолдорунун курулушу жана реконструкцияланышы жана шаардык көчө тармактарын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, акыркы кездери Бишкек шаарынын жолдорун куруу жана оңдоо иштери күч алып, борбордо бул жаатта масштабуу иштер аткарылууда.

«Бишкек шаарынын мэриясы обьектилерди ишке берүү мөөнөтүн жана аткарылган иштердин сапатын тыкыр көзөмөлгө алуусу зарыл», - деди Өкмөт башчы.

Борбордун түндүк бөлүгүндөгү айланып өтүүчү негизги жолдун ролун аткаруучу Түштүк магистралын Алыкулов көчөсүнө дейре улантуу боюнча план менен таанышууда, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев унаа жолунун курулушун баштоо үчүн бардык тийиштүү маселелерди, анын катарында жер бөлүү маселесин да кыска убакытта чечүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, борбордун мэриясы жарандардын жол тилкелерине тийиштүү аймактарды көрктөндүрүү, арык жана тротуарларды куруу, бак-дарактарды сактоо боюнча сын-пикирине өзгөчө көңүл буруусу зарыл.

Андан соң Өкмөт башчы Лев Толстой көсчөсүнө барып, өз жер тилкесин Бишкек шаарына өткөрүп берген Ырысбек Атажанов менен жолугушту, бул иштин натыйжада, Лев Толстой көчөсүн Алыкулов көчөсүнө дейе узартып, жүктөмдүү тилкелердеги транспорттук агымды кыскартууга мүмкүндүк жаралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ырысбек Атажановго Бишкек шаарын өнүктүрүүгө кошкон салымына жана борбордук жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча күч-аракетти колдоого алуусу үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирди.

«Сиздин бул жасаган ишиңиз мыкты жарандын аткарган иши катары мекендештирибиз үчүн үлгү деп бааласак болот. Мен жергебизде сиз сыяктуу мыкты адамдардын бар экендиги менен сыймыктанам. Дал ушундай адамдар элибиздин негизин түзүп, жалпыбызды жаратмандыкка шыктандырат», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ырысбек Атажановго Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ысмы жазылган саатты тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле мектеп курулушу үчүн жеке менчик жер тилкесин берген Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибээ айылынын тургуну Нурали Исаковдун жасаган ишин да мисал катары келтирди.

Пикир

Оставить комментарий