• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Бюджеттик саясат аймактарды өнүктүрүүгө жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган

Өкмөт 0

Бишкек,12.11.18./Кабар/. «Ресурстардын чектелгендигине карабастан, бюджеттик саясат аймактарды өнүктүрүүгө жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган», –­ деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароонун жүрүшүндө.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасында аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды эске алуу менен иштелип чыкты. Премьер-министр белгилегендей, 2019-жылы бардык чыгашалар толугу менен ички булактардын эсебинен жабылат.

«Ал ал эми тышкы займдар жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гана тартылат. Мындай аракет тышкы карызды стабилдештирүүгө жана тышкы жардамдарды атамекендик экономикалык өсүшкө көмөктөшкөн долбоорлорго бурууга байланыштуу», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, Өкмөт төмөнкү тармактарда фискалдык жана экономиканы административдик стимулдаштыруунун жаңы инструменттерин киргизүүгө аракеттерди жасайт: - айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө; - текстиль жана тигүү тармагына; - туризм жана экологияга; - инновациялык технологияларга; - чакан жана орто бизнести колдоого; - калктын өзүн өзү иш менен камсыз кылуусун стимулдаштырууга. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте орто мөөнөттөгү фискалдык саясат боюнча Концепциясын кабыл алуу иштери жүргүзүлөт. Мында салык системасын өнүктүрүү жана өлкөдө салыктык администрациялоонун негизги багыттары каралат.

«Салыктык процедураларды фискалдаштырууну киргизүүнүн максаты – көмүскө экономиканы кыскартуу, тең ата атаандаштыкты күч алдыруу, ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо, керектөөчүлөрдү контрафакттуу продукциялардан сактоо, санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, бюджеттин туруктуу киреше системасы түзүү болуп саналат», - деп белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий