• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Биз аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-сентябрда, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Терек жана Курбу-Таш айылдарындагы эки мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Премьер-министр өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкө аймактарын, анын ичинде жашоо шарты оор алыскы райондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

«Мында турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди жабыркаткан жаратылыш кырсыктары болгон учурда биз, азыркы өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге келгенбиз. Ал ошол кездеги Премьер-министр катары кыйраган объектилерди калыбына келтирүүнү убада кылган. Андан соң адамдарга жардам көрсөтүү иштерин мен координация кылдым. Мектептин курулушу үчүн ушул жерди тандаганыбыз эсимде. Натыйжалуу чечимдер кабыл алынды, бардыгын мөөнөтүндө аяктаганыбызга кубанычтамын. Ушул иштердин арты менен балдар эми жаңы жана жарык мектепте окушат. Ушул маанилүү окуя менен бардыгыңыздарды куттуктайм», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, айылдыктардын жашоосунун шаардагы шарттардан айырмаланбашы үчүн аймактарды өнүктүрүү Концепциясында аймактардын жашоо шарттарын жакшыртуу каралган.

«Биз аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул кадам ички жана тышкы миграцияны кыскартууну шарттайт. Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында өлкө боюнча жыл аягына чейин 150 социалдык объекттин курулуш аяктайт. Ошону менен бирге жашоочуларга жер-жерлерде узак мөөнөттөргө жеңилдетилген насыяларды берүү түрүндө жардам көрсөтүлөт, жөлөкпулдардын жана эмгек акылардын өлчөмү акырындап көбөйтүлөт. Буга катар мугалимдердин деңгээлинен жана кесипкөйлүгүнөн көз каранды болгон билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарыл. Өкмөт мугалимдердин иш алып баруусу үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүүнүн үстүндө ишти улантат, аны менен катар сиздер билимдүү жаштарды тарбиялап чыгууга көмөк берүүңүздөр керек. Келечекте алар коомго аралашып, татыктуу адистик алып, өз эне тилин билүү менен катар бир нече тилде сүйлөй билүүсү тийиш. Заманбап дүйнөдө англис тилин билүү артыкчылык берет, ошондуктан аны ар бир окуучу билүүсү зарыл. Биздин балдар кеминде үч тилди билүүсү тийиш», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Окуучулардын ата-энелерине кайрылууда Өкмөт башчы белгилегендей, чоңдор балдардын мектептен калбай, жакшы оуусуна, билимге умтулуусуна кошкөңүл мамиле кылбастан, өзгөчө көңүл бурушу керек.

«Ата-энелер мугалимдерден сапаттуу билим берүүсүн талап кылуусу керек. Билим – бул келечекке карай жол экендигин түшүнөбүз. Ар бир ата-эне баласы күчтүү мугалимге туш болуп, мыкты билим алуусун каалайт. Биз ал үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө, заманбап мектептерди курууга, аларды жеткиликтүү Интернет менен камсыздоого аракет кылабыз. Ошол эле учурда мугалимдер да заман талабына жооп берип, өз кесиптик деңгээлин жогорулатууга аракеттениши зарыл. Дал ушундай мугалимдер татыктуу айлык алып, келечекте жакшы пенсияга ээ болот», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилесек, эки мектепке компьютердик жабдуулар комплекти белекке тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий