• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Биз аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөбүз

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарууга жетишкен негизги нерсебиз – бул адамдардын аң-сезиминин өзгөрүүсү. Азыр аймактарды өнүктүрбөстөн туруп, күчтүү жана өнүккөн өлкөнү куруу мүмкүн эместигин жалпысы түшүнөт», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын суроолоруна жооп берүүдө.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жыл көбүнэсе даярдык көрүү мезгили болуп саналат, мында аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана тутумдук өзгөртүүлөр үчүн бекем негиз түзүлүүдө.

«Коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык бийлик бутактарынын биргелешкен күч-аракеттери талап кылынат. Жыл бою «Айыл Банк», «Кепилдик фонду», «Мамлекеттик ипотекалык компания» акционердик коомдору капиталдаштырылган. Мындан тышкары жолдордун, социалдык объектилердин курулушу активдүү жүрүүдө, пландаштырылгандай, жыл аягына чейин алар пайдаланууга берилет. Ошону менен бирге «Таза Суу» долбоорунун алкагында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригация тутумдарын жакшыртуу боюнча каражаттар бөлүнүүдө. Биз ошондой эле, ипотекалык каражаттар аймактарга багытталышын каалайбыз. Мисалга алсак, Талас шаарында биринчи жолу көп кабаттуу турак үй курулууда жана биз бул багыттагы тиешелүү иштерди мындан ары улантууга ниеттенүүдөбүз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр маалымдагандай, 2018-жылы башталган жана ишке ашырылган бардык иш-чаралар – бул аймактарды келечектүү өнүктүрүүдө коюлган максаттарга жетүү үчүн кубаттуу испульс болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий