• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Биз аткезчилик менен күрөшүүнү системалуу деңгээлге чыгарабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Биз аткезчилик менен күрөшүүнү системалуу деңгээлге чыгарабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу системасын киргизүү боюнча бардык даярдык иш-чаралары 2019-жылы дээрлик бүткөн. Ал чек аралардан жүктөрдү алып өтүүдө онлайн көзөмөл, оор салмактагы жүктөрдү көзөмөлдөөнүн электрондук системасы киргизилгенин белгиледи. Анын натыйжасында 2019-жылдын 9 айынын ичинде ЕАЭБден импорттоодон кыйыр салыктын көлөмү 890 млн сомго көбөйдү, буга чейин бул көрсөткүч дайыма 500 млн сомго чейин пландан ылдый болуп келген. Кытай Эл Республикасы менен чектешкен өткөрүү пункттарына инспекциялык-текшерүү комплекстери орнотулду.

Премьер-министр фискалдаштыруу системасынын бардык компоненттери өз ара интеграцияланарын жана толук кандуу ишке киргизилерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын жүрүшүн толук көзөмөлгө алуу үчүн «электрондук эсеп-фактуралар» бирдиктүү виртуалдык кампага киргизилет. Товарлардын, жумуштун жана кызматтардын Бирдиктүү классификаторун киргизүү – товарлардын жүрүшүн жана позициялар боюнча сатылуусун көзөмөлдөөгө жол ачат. Электрондук-товардык коштомолорду колдонуу, товарларды санариптик аныктоо аркылуу белгилөө, жүк ташуучу автоунааларды маалыматтык система менен эсепке алуу – күйүүчү майларды жана башка товарларды ташуудагы аткезчиликти азайтат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында аларды көзөмөлдөөнү жана салыктын толук төлөнүшүн камсыз кылат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, товарларды электрондук декларациялоого, алыстан туруп бажылык тариздөөгө жана жүктөрдү электрондук система аркылуу бажы жагынан жол-жоболоштуруудан өткөрүү – өлкөнүн бажы органындагы коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүүгө алып келет.

Бул ошондой эле жарандардын бажы кызматынын ишине болгон ишенимин арттырат.

Пикир

Оставить комментарий