• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев: Биз суу ресурстарын этият жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууга тийишпиз

Өкмөт 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Суу боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Суу кодексин жүзөгө ашыруунун Жол картасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү калкты, айрыкча өлкө аймактарын ичүүчү таза жана сугат суусу менен толук кандуу камсыздоо маселеси курч турат.

Анын айтымында, эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдө жыл сайын суунун камы азайып бара жатат, буга байланыштуу аларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу зарыл. Премьер-министр кошумчалагандай, Президент Сооронбай Жээнбеков бардык аймактардын жарандарын ичүүчү таза жана сугат суу менен камсыздоо маселесине артыкчылыктуу маани берет.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тиешелүү баяндама жасашты.

«Суу ресурстары ар бир өлкө үчүн баасы жок байлык, ошондуктан биз аны этият жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууга тийишпиз. Бул маселени комплекстүү чечүү жарандардын жашоо шартын жакшыртып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзөт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, суу объекттерин жана инфратүзүмүн реконструкциялоого тартылган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу өзгөчө маанилүү. Өкмөт башчынын айтымында, эл аралык жана финансылык институттар бул жааттагы рефрмаларды илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр.

Мындан тышкары ал суу ресурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча тартылган мамлекеттик органдар арасында координацияны күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле суу ресурстары боюнча мамлекеттик орган түзүү жана Суу боюнча улуттук кеңештин курамын кайра карап чыгуу, ага эксперттик коомчулук өкүлдөрүн кошуу сунуштарын киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий