• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Биз улуу муун үчүн күн сайын кам көрүүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Улгайган адамдардын эл аралык күнү Бишкектеги карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн социалдык стационардык мекемеге барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Анда Өкмөт башчы интернаттын тургундары менен биргеликте майрамга карата уюштурулган концертти көрүп, аларды Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

«Бүгүн жалаң гана улгайган адамдардын эмес, жалпы улуу муундун майрамы, – биздин өлкөнү түптөп, гүлдөтүп-өнүктүрүп, биздин колго өткөрүп берген муун өкүлдөрүнүн күнү. Биз сиздердин эмгегиңиздерге ыраазыбыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Мен биздин жарандарга, өзгөчө, жаштарга кайрылып кетким келип турат, биздин ата-эне, чоң ата, чоң энелерибизге күн сайын кам көрүп турушубуз керек. Бул адамдар өлкөнүн жетишкендиктерин ак эмгеги менен курган. Биздин милдет – эмгек аркылуу ата-бабалар калтырган мурасты сактап, өлкөнү өнүккөн өлкөгө айлантуу. Биз ар күн сайын улуу муунга кам көрүүбүз керек. Айрым учурда биз татыктуу мамиле кыл албай калган учурубуз болот. Бирок мен биздин коомдо ар дайым улуулардын орду сый-урматта болооруна ишенем».

Премьер-министр карыларга кам көрүү – мамлекеттин маанилүү жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин баса белгилеп, бүгүнкү күндөн тарта өлкөдө пенсиялардын көлөмү жогорулатылганын билдирди.

Өкмөт башчы мамлекет улуу муунду колдоого багытталган өзүнүн социалдык милдеттерин так аткара аларын белгилеп, мекеменин жашоочуларына ден соолук жана узак өмүр каалады.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жатак үйлөрдүн жашоочуларынын бөлмөлөрүнө барып, алар менен маектешти жана жашоо шарттары менен таанышты.

Ал ошондой эле ашкана, эс алуу бөлмөсүн, дене тарбия залын, мында жашагандар кол өнөрчүлүк менен алектенген чеберлер бөлмөсүн көрүп чыкты.

Өкмөт башчы белек катары жатак үйгө ашкана жабдууларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий