• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Биз жылды резервдер жана келечекке жакшы башталыш менен баштап жатабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Биз жылды резервдер жана келечекке жакшы башталыш менен баштап жатабыз. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттик саясаттын негизги принциптерин ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Социалдык жактан мааниге ээ бардык төлөмдөр өткөн жылга карата ишке ашырылды. Авариялык абалдагы жана жаңы социалдык объекттерди куруу активдүү жүрүүдө. Бүгүнкү күнү калган сумма – 7,7 млрд сом. Биз аларды 2020-жылга пландалган бардык артыкчылыктуу программаларды жана долбоорлорду каржылоо үчүн бюджеттин учурдагы кирешеси менен катар кошумча резерв катары пайдаланабыз. Биринчи кезекте бул аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын бүтүндөй комплекси. Быйыл биз чоң көлөмдөгү кирешени күтүп жатабыз, ал үстүбүздөгү жылга белгиленген башка төлөмдөрдү дагы ишке ашырууга шарт түзөт. Анткени быйыл биз мугалимдердин көбөйтүлгөн айлык акысын туруктуу каржылоону гана камсыздабастан, пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууга жетишүүгө тийишпиз», - деп белгиледи Премьер-министр.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Өкмөт республика боюнча жаңы мектептердин жана социалдык объекттердин курулушун каржылоого, авариялык мектептердин санын азайтууга жана аймактарды өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чараларды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн мындан ары да жогорулата бермекчи.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн салык процедураларын фискалдаштыруу иштеринин эсебинен мамлекеттин кирешесинин көбөйүүсү күтүлүүдө. Бүгүнкү күнү виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналар боюнча долбоор иштелүүдө, бардык май куюучу жайларда КММны эсептөөнүн автоматташтырылган системасые колдонууга даярдык көрүү, ошондой эле 2020-жылдын 1-июлунан баштап алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик маркалоону милдеттүү колдонууну киргизүү боюнча даярдоо иштери жүрүүдө.

«Биз көмүскө экономика менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Товарлардын эсепке алынбай ташылып келинишине каршы күрөшүү үчүн Казакстан менен чектешкен аймакта автоматташтырылган салмак көзөмөлдөөчү система иштеп жатат. Бул системалар Чүй облусундагы Ак-Тилек жана Чалдовар жана Талас облусундагы Чоң-Капка бекеттерине орнотулду. Салыктык жана төлөм башкарууларынын бардык чынжыржасы боюнча аналитикалык платформаны куруу иштери бардык салыктык текшерүүлөрдү кыскартууну жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервисттик моделин курууну шарттайт. Жүктү ачпастан транспорт каражаттарды сканерлөөдөн өткөргөн Кыргыз Республикасы менен чектешкен ЕАЭБдин тышкы чек араларына инспектордук-текшерүүчү комплекстер орнотулду. Бул кадам бажы көзөмөлдөө процессин тездетип, декларацияны туура эмес толтуруу учурларын азайтат. Муну менен биз товарларды көзөмөлдөө системасы мамлекеттик бюджеттин кирешесин олуттуу түрдө көбөйүүсүн жана үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган жүктү көзөмөлдөөнү шарттайт деп кепилдик беребиз, эң негизгиси көмүскө экономиканын деңгээли төмөндөйт. Ал эми кийинчерээк мыйзамсыз ишкерликтен арылабыз», - деп белгилеген Өкмөт башчы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча иштерди 2020-жылы дагы улантарын кошумчалады.

Жыйындын соңунда Премьер-министр жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө өз учурунда жана так аткаруу, ошондой эле Өкмөттүн бюджеттик саясатынын негизги принциптерин сапаттуу жүзөгө ашырууну жана стратегиялык долбоорлорду туруктуу каржылоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий