• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Биздин максатыбыз атамекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана колдоо

Өкмөт 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Биздин биринчи кезектеги максатыбыз атамекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана колдоо. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө финансы министри Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү маселеси жөнүндө баяндама жасады.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылы 72,8 млрд. сом жалпы суммасына 105 770 кулактандыруу жарыяланган, ошол эле учурда өткөн жылы жалпы суммасына 94,3 млрд. сомдук 133 миң билдирүү жарыяланган.

«Ошону менен бирге 2017-жылы жалпы суммасы 61,8 млрд. сом түзгөн 68 миң сынак ийгиликтүү өткөрүлгөн, ал эми 2018-жылы жалпы суммасы 70,0 млрд. сомго 87 миң сынак өткөн. 2017-2018-жылдары колдонулган мамлекеттик сатып алуулар ыкмалары боюнча белгилей кетсек, 2018-жылы жөнөкөйлөтүлгөн сатып алуулар ыкмасын колдонуунун үлүшү 2017-жылга салыштырмалуу кескин түрдө 16,1%дан 44,4% өскөн», – деди министр.

Андан соң министр бүгүнкү күнү мамлекеттик сатып алуулар процедураларынын мониторинги үчүн порталды өркүндөтүү иштерин мындан ары карай улантуу зарылдыгын эскертти.

«Белгилей кетсек, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына киргизилген акыркы өзгрөтүүлөргө ылайык, түз келишим түзүү ыкмасын колдонуу учурлары кеңири жайылууда. «Улуттук режимден чыгаруу» ченеми киргизилген. Мындан тышкары улуттук кызыкчылыктарга ылайык, толук түрдө өлкө аймагында өндүрүлгөн ички товар өндүрүүчүлөрдүн товарларын сатып алуу процессин жөнгө салуу багытында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган», – деди ал.

Ошону менен бирге баяндамачы мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү боюнча башка пландар тууралуу маалымдады.

«Дары-дармек каражаттарынын сапатын көзөмөлдөө жана талаптарды сактоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги менен Дары-дармек каражаттарынын улуттук базасы камтылган мамлекеттик сатып алуулар веб-порталын интеграциялоо пландаштырылууда. Өндүрүштүк чөйрөгө мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы аркылуу товарлардын, иштердин жана кызматтардын электрондук каталогу платформасын киргизүү пландалып жатат. Мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларына көмөк көрсөтүү максатында call-борбордун ачылышы күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусун жеңилдетүү максатында карызы жок экендиги тууралуу салык жана социалдык кызматтардан маалымдамаларды алууну жоюу иштерин аяктоо пландалган», – деди Бактыгүл Жээнбаева.

Өз кезегинде Абылгазиев эскерткендей, өткөн жылы мамлекеттик сатып алуулардын өлчөмү 70 млрд сомду түзгөн.

«Ар бир өлкө биринчи кезекте, атамекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргойт. Ошондо бюджетке түшкөн акча атамекендик экономиканы өнүктүрүүгө натыйжалуу жумшалат. Эске сала кетсем, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ички эмгек ресурстарын жана жергиликтүү сырьену колдонгон ички ташуучулардын товарларына жана кызматтарына 20%га чейин милдеттүү жеңилдиктерди берүү ченеми киргизилген. Дагы бир маанилүү учур – мурда товар сатып алуу же кызматтарды көрсөтүү процессинде каражаттарды үнөмдөө башкы максат болсо, эми сапат негизги ролду ойнойт. Мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугуна жетишүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды борбордоштуруп сатып алууну пилоттук режимде киргизүү пландалууда. Белгилей кетсем, республикада өндүрүлбөгөн дары-дармектерди ташыган ири компаниялардан тышкары ортомчу компаниялар болбошу керек. Репутациясы күмөн санаткан компаниялар менен кызматташпоо зарыл», – деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий