• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: «Биздин милдет - аймактарды арзан жана узак насыялык ресурстар менен камсыздоо»

Өкмөт 0

Бишкек, 11.08.18 /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондужана «Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан ишке ашырылган жаңы каржылык продуктулар маселелерибоюнча кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр баса белгилегендей, 2018-2022-жылдарга аймактык саясат Концепциясынын алкагында акценттерди туура коюп жана артыкчылыктуу багыттарды илгерлетүү зарыл. Ошол эле учурда агрардыкөнөр жай комплекси, кайра иштетүүчү өнөр жай жана соода тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууменен бирге туристтик тармакка өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Кеңешменин жүрүшүндө РКӨФ жана Кепилдик фондунун ишмердиги тууралуу, анын ичинде алар тарабынанаймактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалыматтар сунушталды.

РКӨФ төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, Өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы суммасы 279млн АКШ долларына 1451 долбоор жактырылган. Алардын ичинен чакан жана орто бизнеске 125 млн АКШдоллары , ири бизнести өнүктүрүүгө - 154 млн АКШ доллары багытталган. Салттуу түрдө артыкчылыктуубагыттар катары агрардык өнөр жай комплекси жана өндүрүш тармагы саналат, алардын каржылангандолбоорлордун жалпы портфелиндеги үлүшү 55%дан ашуун.

«Белгилей кетчү нерсе, долбоорлордун 80% аймактарга туура келет. Аймактарда ишкерлерди өбөлгөлөө жанадолбоорлордун үлүшүн көбөйтүү үчүн 2018-жылдын башында РКӨФда аймактарда өнүктүрүүнүн чараларкомплекси иштелип чыккан,- деп билдирди Эркин Асрандиев. - Ошентип, 2018-жылдын июлундареспублика боюнча аймактык консультациялык борборлор ачылган, мында консультанттар акысыз маалымат беришет жана дыйкандар менен малчыларга бизнес-пландарын даярдоо, РКӨФ линиясы боюнчакаржылоо алуу үчүн жардам көрсөтүшөт».

Анын маалыматында, РКӨФ «Кепилдик фонду» ААКсына аймактык ишкерлерге кепилдик берүү үчүн 100 млнсом берген. Аймактарда чакан жана орто бизнести колдоо үчүн түз каржылоо лимити 1 млн АКШдолларынан төмөндөтүлгөн. Эми аймактык ишкерлер РКӨФдан 300 миң АКШ долларына чейин жеңилдетилген насыяны түз ала алышат.

Республикада экономиканын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактарда ишкерликти өнүктүрүүнү өбөлгөлөө максатында Фонд тарабынан ошондой эле өзгөчө шарттары мененадистештирилген насыялык продуктулар иштелип чыккан, аларда гранттык негизде техникалык жардамсунуштоо жана өбөлгөлөө механизмдери каралган.

Өз кезегинде «Кепилдик фонду» ААКсынын төрагасы Малик Абакиров маалымдагандай, фонддун иштөөмезгилинде 800дөн ашуун жаңы жумуш орундары, 100 млн сом суммасына 28 экспортко багытталгандолбоорлор түзүлгөн, 522 кепилдик берилген.

Аймактарда ишке ашырылган жаңы программалардын жана каржылык каражаттардын ичинде «Бир район - бир ишкана» программасы, бардык аймактык өкүлчүлүктөрдө - финансылык консалтинг, бүтүндөйаймактарда ишкерлерди колдоо борборлору ачылган.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, «Кепилдик фонду» ААКсы жана РКӨФ өз ишмердиктеринде эң иридеөлкөнүн аймактарын колдоо максатын коюуга тийиш. Бул Кыргыз Республикасынын Президенти СооронбайЖээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды коюп, 2018-жылды Аймактардыөнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу өзгөчө актуалдуу.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, РКӨФ жана «Кепилдик фонду»ААКсы аймактарда малчыларга жана дыйкандарга арзан жана узак насыялык ресурстардынжеткиликтүүлүгүн камсыздоо иштерине өзгөчө көңүл буруулары жана күчтөндүрүүлөрү кажет, бул өлкөнүнаймактарын жана экономикасын өнүктүрүүнү шарттайт.

Пикир

Оставить комментарий