• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Биздин милдет айыппулду көбүрөөк салуу эмес, коомдук тартипти камсыздоо

Өкмөт 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жана соттук-укуктук реформалоо алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген Жазык кодексин, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу кодекстерин, Бузуулар жөнүндө кодексин жана Жоруктар жөнүндө кодексин ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Премьер-министр белгилегендей, жол кыймылы эрежелерин бузгандыгы үчүн жазаны катаалдатуучу жаңычылдыктар коомчулукта ар-түрдүү реакцияны жаратты.

«Бири аны жактаса, бири нааразычылыгын айтууда. Бирок биздин милдет – жолдор коопсуз болуп, адамдар кырсыктан тышкары болуусу саналат. Өлкөдөгү айдоочулардын маданиятын өзгөртүүгө, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактай билүүсүнө жетишүүбүз керек. Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айыппул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган. Биз жолдогу жол кырсыктарынын санын азайтууга жана андагы абалды жакшыртууга жетишүүбүз кажет», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле мурда жазалоо жагына басым жасалса, күчүнө кирген мыйзамдарда аларды гумандаштырууга басым жасалгандыгын белгиледи.

«Эгерде айрым ченемдер катаалдаштырылган болсо да, алар милдеттүү болуп саналат жана аларды өлкөнүн ар бир жараны аткарышы абзел. Жарандарыбыз жазадан эч кимдин кача албастыгын түшүнүүсү маанилүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошону менен бирге Премьер-министр баса белгилегендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында коррупцияны ачыктоо жана жоюу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат жана ал активдүү жарандарды аракеттешүүгө чакырды.

«Таза иштебеген инспекторлордон кызматына жана наамына карабастан арылабыз. Ошондуктан мен кыска мөөнөттө коррупциялык фактыларды болтурбоо жана алардын бетин ачуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгууну тапшырдым», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, Бузуулар жөнүндө кодексте каралган жалбырактарды, тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды белгиленбеген жерде өрттөө, ошондой эле түкүрүнүү үчүн жаңы айыптардын киргизилиши коомдо кызуу талкуу жаратты. Кодекстин өзү парламентте узак талкуудан кийин кабыл алынып, анда түкүрүнүү үчүн айып менен толукталган.

«Албетте, биз жарандарда коомдук аң-сезимдин жана коомдо жүрүм-турум тажрыйбасынын калыптанышына өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Айып салуу – бул объективдүү чара. Өсүп келе жаткан муундун тарбиясы үчүн коомдо жүрүм-турум эрежелерин өз балдарына сиңире турган ата-энелердин – улуулардын – чоң жоопкерчилиги бар экенин эскерте кетем. Элибиз ар дайым тазалыкты сүйгөн жана жаратылышка, айлана-чөйрөгө аяр мамилеси менен айырмаланып келген. Биз өсүп келе жаткан муунга туура үлгү көрсөтүүбүз керек. Кыргызстандыктардын аң-сезими өсүүдө жана өлкөбүздө шаарлар коопсуз, көчөлөр жана короо-жайлар таза болушу керек», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калк арасында жаңы киргизүүлөрдүн маңызы тууралуу маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошол эле учурда айыптарды башкаруунун так механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий