• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев ишкерлерди текшерүү саясатын кайра карап чыгып, бизнеске көмөктөшүүнү сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 2-августта ишкерлик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бул демилгени ишке ашыруу механизмдери тыкыр иштелип чыгып жана бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен талкууланган болушу керек.

«Биз көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын да, ишкерлердин да жоопкерчилигин так аныктоого тийишпиз. Бизнес жүргүзүү шарттарын жеңилдетүү ишкерлер саткан продукциянын кардардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзам талаптарын сактоону жокко чыгарбашы кажет. Бул шарттар бузулса, катуу айып санкциялары колдонулушу зарыл», - деп белгиледи премьер-министр.

Экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, учурда бизнес өкүлдөрү менен республикада ишкерликти жакшыртуунун келечектүү кадамдарын талкуулоо боюнча жолугушуулар өткөрүлүүдө.

«Бизнести өнүктүрүүгө жолтоо болгон башкы факторлордун бири – ишкерлер менен көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын ортосундагы талаштарды чечүү механизмдеринин жоктугу болуп саналат. Буга байланыштуу биз көзөмөлдөөчү органдардын чечимдерине өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сотунда даттануу мүмкүндүгүн алдын ала караштырууну пландап жатабыз. Талаштарды чечүү үчүн тараптар өздөрү ишенген арбитрлерди тандашат», - деди Олег Панкратов.

Ал ошондой эле билдиргендей, жарыяланган мораторий учурунда ишкерлик субъекттеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдар кайра каралып чыгат.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулук өнөктөштүк мамилелерди түзүүлөрү кажет.

«Бул максаттарда биз текшерүү түшүнүгүн көзөмөлдөөчү ведомство тарабынан айып санкцияларын салуунун ордуна келип чыккан маселелерди чечүүгө аракеттешүү камтылган мониторинг менен алмаштырууга ниеттенүүдөбүз. Ошону менен бирге ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн Бизнес-акыйкатчы институту түзүлөт», - деп белгиледи өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрыкча белгилегендей, бизнести текшерүүгө мораторий киргизүү маселеси өлкөдө ишкерликти өнүктүрүү боюнча башка чаралар менен биргеликте комплекстүү каралышы керек.

«Биз бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп жана жазалоо чараларын гана колдонгон көзөмөл органдарынын саясатын кайра олуттуу карап чыгышыбыз зарыл. Бизнестин көмүскөдөн чыгуусу жана ачык-айкын ишмердүүлүккө кызыкдар болушу үчүн шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу зарыл», - деп жыйынтыктады өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий