• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Илдетти жеңип чыгышыбыз керек, денибиз сак болсо, экономиканы көтөрөбүз

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кандай гана кыйынчылыктарга туш болсок да, биз бул илдетти жеңип чыгышыбыз керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына коронавирусттук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча кезексиз өткөн кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жумшаган күч аракеттерибизге карабастан, өлкөгө вирустун киришин алдын алуу мүмкүн болгон жок. Азыр күнөөлүүлөду издей турган учур эмес. Биздин алдыбызда азыр эки маанилүү милдет турат: инфекцияны кантип жеңебиз жана биздин экономикага тийгизген таасиринин кесепети менен кантип күрөшүү керек. Биз аракеттерибиздин алгоритмин так аныкташыбыз керек. Иш жүргүзүүнүн так эрежелерисиз кайсы бир жерден кынтык кетирүү мүмкүн. Ошондуктан ишти мобилизациялоо керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы коркунучтардын деңгээлин баалоо үчүн баарынан биринчи вирус жуктургандардын жана алар менен байланышкандардын санын тактоо керектигин белгиледи.

«Азыркы тапта бизде коронавируска кабылган 6 учур ырасталды. Бул жарандардын баары алар менен бир учакта келгендер менен бирге изоляция алынды. Бирок алар башка адамдар менен да байланышкан. Биз аларды аныктап, анализ алышыбыз керек. Ар бирин текшерип, бардыгынын анализдеринин жыйынтыгы чыкканга чейин биз инфекция 6 гана адамга жукканы тууралуу ишенимдүү айта албайбыз. Учурда бизде эки райондо өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ар бир мамлекеттик орган өзүнүн багыты боюнча көзөмөл жүргүзүүсү зарыл. Бизге байкоочулардын кереги жок», - деп белгиледи Премьер-министр.

Ал ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы иш-чараларга финансы ресурстары үнөмдөлбөйт деди.

«Эгерде биз миллиондорду үнөмдөгөндү ойлосок, келечекте миллиарддарды сарптап калышыбыз мүмкүн. Буга чейин да кайталап келгенимдей, жарандарыбыздын саламаттыгынан үнөмдөбөйбүз. Калктын ден соолугу биз үчүн маанилүү, денибиз сак болсо, экономикабызды көтөрөбүз. Премьер-министрдин төрагалыгы алдында бирдиктүү штаб түзүлөт. Ага бардык органдар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү кирет», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу экономикалык жоготууларды эсептеп, түзүлгөн кырдаалда бизнести колдоо механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү чечимин аткарууга көзөмөлдү күчөтүүнү милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий