• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев «Camel Fest» этнофестивалынын жабылышына катышуу үчүн Эр-Риядга келди

Өкмөт 0

Бишкек,22.03.19./Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышуу үчүн Эр-Рияд (Сауд Аравия Королдугу) шаарына келди.

Халид атындагы эл аралык аэропорттон Өкмөт башчыны Эр-Рияд шаарынын губернатору ханзаада Фейсал бин Бандар бин Абдель Азизжана САК айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль Фадли тосуп алышты.

Премьер-министрдин Сауд Аравия жетекчилиги менен бир катар эки жактуу жолугушуулары күтүлүүдө.

«Camel Fest» этнофестивалынын жабылышы 23-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий