• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абылгазиев: Чүйдөгү сүттү кайра иштетүүчү заводдордун ишинин жанданышы – маанилүү окуя

Өкмөт 0


Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарында Токмок шаарындагы сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводго барды.

Өкмөт башчы бул заводдун уникалдуу тарыхы бар жана өндүрүштүн ишке кириши - бул маанилүү окуя экенин белгиледи.

«Ишкана 1974-жылы курулган жана анын бай тарыхы бар. СССР ыдыраганда заводдун иши да токтогон. Бүгүнкү күндө инвесторлордун салымынын негизинде сүт заводу кайрадан ишин баштады. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 250 тонна сүттү жана айына 5 миң тонна даяр продукцияны түзөт, анын 90% экспорттолот. Завод продукциянын жогорку сапатын жана коопсуздукту камсыз кылган европалык алдыңкы технологиялар боюнча иштейт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал аппараттык цехти, аралашма май жана катуу сорттогу сыр, кургак сүт чыгаруучу жана сүт куя турган цехтерди көрүп чыкты.

Учурда заводдо 100гө жакын жумушчу иштейт. Өндүрүш толук кандуу ишке киргенде ишканада 600гө чейинки жумуш орду түзүлөт.

Ишканага 1,5 млн АКШ доллары инвестиция катары салынган. Заводдун имараттары менен курулмалары оңдолуп, жабдуулары модернизацияланган.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча заводго колдоо көрсөтүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна сапарынын алкагында Токмок шаарындагы дан эгиндерин кайра иштетүүгө жана ун, макарон азыктарын чыгарууга адистешкен ун чыгаруучу заводго барды.

Премьер-министр өндүрүштүк имараттарды, кампаларды көрүп чыгып, ишкананын мүмкүндүктөрү менен таанышты.

Ишкананын дан эгинин кайра иштетүү кубаттуулугу суткасына 250 тоннаны түзүп, 1 сутка ичинде 90 тонна даяр продукция чыгарылат. «Алия» макарондук азыктары BUHLER швейцариялык компаниясынын жабдуусунда өндүрүлөт. Жабдуунун өндүрүмдүүлүгү суткасына 2000 кг түзөт. Компаниянын бардык өндүрүмдөрү тастыкталган, сапат менеджменти жана коопсуздук системасы эл аралык стандарттарга дал келет.

Премьер-министр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо зарылдыгын баса белгиледи. Алар өз кезегинде жеткиликтүү баадагы сапаттуу товарларды рынокко чыгарууга умтулууга тийиш.

Өкмөт башчынын айтымында, мындай ишканалардын ийгиликтүү ишмердүүлүгү миңдеген жумуш орундарын түзүү жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү аркылуу мультипликативдүү таасир берүүнү шарттайт. Муну менен катар мындай өндүрүштөрдүн натыйжалуу иши – бул мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугуна кошулган салым.

Пикир

Оставить комментарий