• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чараларды сапаттуу аткарууну камсыздоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 18-майда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Чыңгыз Айтматов – атамекендик жана дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка көрүнүктүү салым кошуу менен бизди, кыргыздарды жана Кыргыз Республикасын бүт дүйнөгө тааныткан адам. Жазуучунун инсандык кеңдигин эске алуу менен бардык маарекелик чаралар эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүшү керек»,- деп белгиледи Мухамметкалый Абылгазиев.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маарекелик иш-чараларды өткөрүү Планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары жазуучунун туулган жери Талас облусунун Шекер айылында «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин жакшыртылган концепциясын түзүү сынагынын жеңүүчүсү болгон архитектордун долбоору сунушталды.

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын өлкө ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары жайылтуу боюнча аракеттерди активдештирүү зарылдыгын баса көрсөттү.

«Чет өлкөдө жашаган мекендештерибиздин арасында Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдөө маселесине өзгөчө көңүл буруу кажет. Мекенинен алыста жашагандыктарына карабастан, биздин мекендештерибиз Чыңгыз Төрөкулович ким экенин билип, эстеп жүрүүлөрү керек»,- деди Өкмөт Башчы.

Жыйындын жүрүшүндө Мухамметкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү буйрук даярдоо менен "Чыңгыз-Ордо" комплексинин курулушун республикалык бюджеттен каржыланган объектилерине киргизүүнү тапшырды.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментине Чыңгыз Айтматовдун Саха Республикасы менен биргеликте жүргүзүлүүчү (Россия Федерациясы) «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча тасма тартууну тездетүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий