• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Чакан жана орто бизнесине каржылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу – аймактарды өнүктүрүүнүн негизи

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кепилдик фонду» ААКнын жана «Мамлекеттик лотерея компаниясы» Мамлекеттик ишканасынын учурдагы ишмердигин талкуулоого арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы «Кепилдик фонду» ААКсы келечектүү долбоорлору бар, бирок аларды ишке ашырууга насыя алуу үчүн жетиштүү күрөөсү жок ишкерлерге жардам көрсөтүү максатында түзүлгөнүн белгиледи.

«Өкмөт тарабынан өлкөнүн 20 сынамык шаарынын базасында өсүү борборлорун түзүүгө багытталган 2018-2020-жылдар мезгилине аймактык саясатынын Концепциясы кабыл алынды. Анын алкагында биз агрардык өнөр жай, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм, соода тармактарын өнүктүрүүнү кошуу менен басымды туура жасап, артыкчылыктуу багыттарды илгерлетүүбүз керек. 2018-жылы аймактарды өнүктүрүүнүн келечек өзгөрүүлөрүнүн негизин түзүү кажет. Фонд өз ишинде облустарда жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоого артыкчылык берүүсү зарыл», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Кепилдик фонду» ААКнын төрагасы Малик Абакиров учурдагы ишмердиктери жана жакынкы жылдарга карата пландары тууралуу маалымдады.

«Биздин фонд 1,5 жылдан бери иштейт. Бул мезгилде 500 жаңы жумушчу орун, 63 млн сомго экспорттоого багытталган 22 долбоор түзүлүп, 440 кепилдик берилди. Бекитилген кепилдиктер бизнестин түрү боюнча 45% - чакан жана орто бизнес, 15% - ири бизнести түздү. Фонддун жетишкендиктеринин бири - «Бир район – бир ишкана» программасы боюнча 15 жаңы ишкананы түзүүгө аракеттешүү болуп саналат. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча фонддун таза кирешеси план боюнча 8,5 млн сом болсо 12,6 млн сомду түздү», - деди ал.

Премьер-министр «Кепилдик фонду» ААКны колдоо чараларын кабыл алууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирге «Кепилдик фонду» ААКнын 49%ын сатып алуу жолу менен анын түзүүчүлөр курамына кирүү жана уюмдун уставдык капиталына 650 млн сомду киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

«Бул кадам күрөө жетишсиздиги учурунда чакан жана орто бизнестин каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга шарт түзөт жана Президент тарабынан жарыяланган 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишкерликтин өсүүсүнүн катализатору болот», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө презентациясы менен чыккан «Мамлекеттик лотерея компаниясы» МИнин директору Талант Калыков «Кыргыз Лото» брендинин алдындагы лотереясы 2018-жылдын июнь-июлунда баштала турганын билдирди.

«Учурда лотереялык билеттерди сатуу, каттоо жана текшерүү программасы жана башка бир катар уюштуруу маселелери иштелүүдө. Мамлекеттик лотерея социалдык долбоорлорду каржылоо, анын ичинде билим берүү, илим, маданият жана спорт тармагын өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатканын белгилеп кетүү зарыл. Жакынкы мезгилдерде биз жигердүү иштерди баштайбыз», - деди Талант Калыков.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Мамлекеттик лотерея компаниясына» Ысык-Көлдүн жээгинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда лотереялык билеттерди сатууну ойлонуштурууну сунуштады.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасына тиешелүү жардам, анын ичинде каржылык колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий