• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Чектеш мамлекеттер менен аймак аралык байланыштарды чыңдоо тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. «Чектеш мамлекеттер менен аймак аралык байланыштарды чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда жетишилген жогорку деңгээлдеги ишенимдүү мамилелер бардык багыттар боюнча өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Чектеш облустарынын жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынында сөз сүйлөөдө.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки мамлекет башчыларынын бекем саясий эркине жараша акыркы жылдары кыргыз-өзбек мамилелери сапаттык жаңы деңгээлге чыкты.

«Үстүбүздөгү жылдын март айында Ферганада Кыргызстан жана Өзбекстандын Чектеш облустарынын жетекчилер кеңешинин биринчи жыйыны жана чектеш облустардын ишкер чөйрөсүнүн бизнес-жолугушуусунун өткөрүлүшү биздин өлкөлөр жана элдерибиздин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө жана чыңдалышына жаңы дем берди. Акыркы жылдары орун алган жогорку деңгээлдеги өз-ара сапарлардын, жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн жооптуу министрлик жана ведомстволорунун тыгыз аракеттешүүсү максатында биз тараптан үзгүлтүксүз көзөмөлдү талап кылат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр чектеш аймактар аралык байланыштарды чыңдоодогу оңдуу динамиканы канагаттануу менен белгилеп, облус жана райондордун жетекчилери ортосундагы активдүү аракеттешүүгө жараша чарбалык мүнөздөгү көптөгөн маселелер жергиликтүү деңгээлде ыкчам чечилип жаткандыгын баса белгиледи.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, Чектеш облустардын жетекчилер кеңеши аймак аралык байланыштарды чыңдоочу жана эки өлкөнүн чектеш райондорундагы достук мамилелерди колдого алуучу натыйжалуу механизм болуп калды.

Буга катар ал өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүдөгү оңдуу динамикага токтолду, мында чектеш облустар өзгөчө маанилүү ролду ойнойт.

«Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 250 миллион доллардан ашуун сумманы түздү, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11%га жогору болуп саналат. Бирок биздин мамлекет башчылар тарабынан соода жүгүртүүнү 500 миллион АКШ долларына дейре жеткирүү милдети коюлган. Буга байланыштуу аталган ишти активдештирүү абдан маанилүү деп эсептейм», - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр чектеш аймактагы ишкерлерди активдүү колдоо коңшу облустардын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерин бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызмат өтөрүнө ишеним билдирди.

«Автомобиль жана темир жол транспорт тармагы кыргыз-өзбек байланыштарынын тутумунда маанилүү болуп саналат, бул биздин өлкөлөрдү гана эмес, бүтүндөй аймакты бириктире алат. Биздин пикирибизде, аймактагы мамлекеттер соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүү механизмдерин активдүү түзүүгө тийиш. Бул өңүттөн алганда ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында биз өзбек кесиптештерибизге жүк ташуучулар үчүн төлөмдү алып таштоону сунуштайбыз. Бул, албетте, өз ара жүк ташуулардын санын көбөйтүүнү жана биздин өлкөлөрдүн ортосунда товар жүгүртүүнү өстүрүүнү шарттайт», - деди Премьер-министр.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев өзбек тарапка Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды Өзбекстанда жогорку деңгээлде өткөргөндүктөрү үчүн ыраачызылык билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов канааттануу менен белгилегендей, акыркы мезгилде туруктуу негиздеги жогору деңгээлдеги иш-чаралар эки өлкө үчүн тарыхый маанилүү жыйынтыктарга жана келишимдерге жетишүүгө шарт түздү.

Өзбекстандын Өкмөт башчысы Кыргызстан менен өз ара алакаларды жана эки тараптуу пайдалуу өнөктөштүктү болушунча өнүктүрүүнү колдой тургандыктарын ырастады.

«Тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары көрсөткөндөй, эки жактуу каалоо болсо, ар дайым өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу мүмкүн», - деп баса көрсөттү Абдулла Арипов.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, экономика министри Олег Панкратов сөз сүйлөшүп, ар бир облустун инвестициялык мүмкүндүктөрү тууралуу маалыматтарды сунушташты жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле өзбек тараптан Фергана, Анжиян жана Наманган облустарынын хокимдери, тышкы соода министри облустардын жетишкендиктери жана соода-экономикалык мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Жыйындын жүрүшүндө аймактар аралык кызматташуу, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттешүү, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү, мамлекеттик чек ара тилкелеринен өтүү шарттарын жакшыртуу жөнүндө бир катар макулдашууларды ишке ашыруу жана башка эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий