• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Абылгазиев Дүйнөлүк банктын БА боюнча Аймактык директору менен кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-майда, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча Аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Өкмөт башчы Дүйнөлүк банкка өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди. Премьер-министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк Кыргызстан үчүн өнүгүү боюнча маанилүү өнөктөш болуп саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жаңы курамынын ишиндеги артыкчылыктардын бири катары - мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, экономиканы санариптештирүүнү, аймактарды өнүктүрүүнү, чакан жана орто ишкерликти колдоону бөлүп көрсөттү.

Мындан тышкары Өкмөт башчынын айтымында, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, энергетика, туризм, оор жана жеңил өнөр жай жана жарандардын жашоосун комплекстүү жакшыртуу тармактарына өзгөчө көңүл бурулат.

Премьер-министр Өкмөттүн артыкчылыктуу пландарын Дүйнөлүк банк тарабынан жаңы иштелип чыккан биргелешкен кызматташуу Стратегиясынын негизги багыттары менен айкалыштыруунун өзгөчө маанисин белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, комплекстүү анализдин жүрүшүндө каржылоосу Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы жаңы кызматташуу Стратегиясынын долбооруна киргизилген атамекендик экономика секторлору аныкталган.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймактары боюнча вице-президенти Сирил Мюллер менен үстүбүздөгү жылдын январындагы жолугушуусунан кийин өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо артыкчылыктуу катары аныкталганын баса көрсөттү.

Өкмөт башчы биргелешкен кызматташууну тереңдетүүгө даярдык билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен биргеликте бирдиктүү кызматташуунун жаңы Стратегиясынын негизги багыттарын дыкат иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий