• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев Дүйнөлүк банктын өкүлү жана Швейцариянын элчиси менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Швейцария Конфедерациясынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Вероника Ульман менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик менчик объекттерин мамлекеттин кызыкчылыгында кыйла натыйжалуу иштетүү жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумун реформалоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, Өкмөт мамлекеттик башкаруу чөйрөсүн реформалоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат. Анткени бүгүнкү күнү көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү төмөн бойдон калууда.

Ал белгилегендей, бул жаатта көйгөйлөр көп, анын ичинде кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги, корпоративдик башкаруунун төмөн деңгээли жана каржылоонун жетишсиздиги бар.

Жолугушууда мамлекеттик мүлктү натыйжасыз башкаруу өлкө экономикасына таасирин тийгизери белгиленди.

Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Швейцариянын элчиси Вероника Ульман жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күч-аракеттерин колдоого, реформаларды ишке ашырууга аракеттешүүгө даярдык билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт тарабынан мамлекеттик компанияларда таасирдүүлүктүн башкы көрсөткүчтөрү киргизилип, «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлгөн.

Өкмөт башчы өнөктөштөргө көрүлүп жаткан күч-аракеттерге көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык айтып, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий