• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Дүйнөлүк рынокто биз билим аркылуу атаандаштык түзө алабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. «Дүйнөлүк рынокто биз билим аркылуу атаандаштык түзө алабыз, ал өлкөнүн өнүгүүсүнө жана күчтүү болуусуна таяныч болот», - бул туурасында бүгүн, 13-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, билим берүү тутумун өнүктүрүү маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тыкыр көзөмөлүндө турат.

«Бүгүн ачылып жаткан мектептер жабдылышы жана окутуу шарттары боюнча шаардык мектептерден кем калышпайт. Аталган мектеп республиканын башка билим берүү мекемелери сыяктуу эле Интернетке кошулат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр билдиргендей, республикалык бюджеттен билим берүү секторуна 30 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнүүүдө.

«Бул билим берүү тармагынын биз үчүн канчалык маанилүү экенин күбөлөндүрөт. Биздин республика көмүртек түрүндөгү жаратылыш байлыктарына ээ эмеспиз. Биздин башкы байлыгыбыз – бул адамдар. Дүйнөлүк рынокто өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана анын күчтүү болуусуна көмөк берген билим аркылуу гана атаандаша алабыз. Дал ошондуктан ата-энелер балдарынын билим алуусунун маанилүүлүгүн түшүнүүсү зарыл. Статистика боюнча, бизде ата-энелери келечегин ойлобостон, жумушка тартылган 1000ден ашуун бала бар. Буга байланыштуу улуулардан өз балдарын балалыктан ажыратпай, алардын окууга жана билимге карай умтулуусуна мүмкүндүк берүүнү өтүнөм», - деп кайрылды Өкмөт башчы чогулгандарга.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы окутуучулар жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен дагы бир ирет куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге ал белек катары мектепке жакын арада компьютердик жабдуулар берилерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий