• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында КМШ ӨБК кезектеги жыйынына катышат

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) 31-майдан 1-июнга чейин өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде 1-июнда КМШ алкагындагы экономикалык жана гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилери жана кызматташуунун башка багыттары талкууланмакчы.

Кеңешме эки форматта өтөт. Тар курамда Өкмөт башчылар Тейлөөнү эркин сатуу тууралуу келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу пикир алмашат. Кеңири курамдагы талкууда катышуучулар тарабынан Энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу концепциясына жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги Иш-чаралар планына, КМШга мүчө-мамлекеттердин интеллектуалдык менчик рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюусу пландаштырылууда.

Буга катар гуманитардык блокто «КМШ үчүн 100 идея» Эл аралык жаштар долбоорунун талкуусу өтөт.

Жалпысынан КМШ ӨБК жыйынынын күн тартибинде 14 маселе каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий