• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Абылгазиев дары-дармек каражаттарын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштер жана дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик сатып алууда орун алган көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Анын маалыматында, 2016-жылга карата 15 аталыштагы дары каражатынын мисалында талдоо жүргүзүү ар башка саламаттык сактоо уюмдарынын сатып алуу баасында кыйла айырманы (30% жогору) көрсөттү.

2017-жылы саламаттык сактоо уюмдарынын отчетун кайрадан талдоо көрсөткөндөй, дары-дармек каражаттарына баанын ар түрдүүлүгү 3%дан 600% чейин жетет.

Бүгүнкү күнү мыйзам талаптарына ылайык, саламаттык сактоо уюмдары керектөөнү өздөрү аныктап, бөлүнгөн каражаттардын чегинде мамлекеттик сатып алуулар планын түзүп жана сатып алууларды өз алдынча жүргүзүшөт.

Ички аудит учурунда саламаттык сактоо уюмдарынын сатып алууларын талдоо көрсөткөндөй, бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга таасир берген тобокелдиктер бар. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан сынакка көрсөтүлгөн баалар медикаменттердин айрым түрлөрү боюнча эки эсе жана андан кыйла жогору айырмаланууда.

Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын 17 түрүнүн мисалында 60 саламаттык сактоо уюмунун сатып алууларынын жыйынтыгы минималдык жана орточо баанын ортосунда 46,6 млн сомго кыйла айырманы көрсөттү. Адистердин жоктугуна жана алардын квалификациясынын төмөндүгүнө байланыштуу сынактар сапатсыз өткөрүлүп, сатып алынуучу дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын көлөмүнүн аздыгына байланыштуу атаандаштык жок.

Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу үчүн борбордоштурулган соода өткөрүү чечимин кабыл алган.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан соодалоону борбордоштуруу жөнүндө буйрук чыккан, борбордоштурулган соода өткөрүү тартиби жана схемасы иштелип чыгып, бекитилген.

«Биз 119 саламаттык сактоо уюму үчүн 75 позицияга дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын 21 түрү боюнча борбордоштурулган соода өткөрүүгө даярдап жатабыз. Борбордоштурулган соода өткөрүү тажрыйбабыз бар. Гемодиализ кызматтары, вакциналар, иммундук супрессорлор, инсулин дарылары, туберкулин жана башкаларды сатып алуу борбордоштурулуп жүргүзүлөт», - деди Космосбек Чолпонбаев.

Анын айтымында, борбордоштурулган сооданын натыйжасында дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын баасынын төмөндөшү, сатып алынган дары каражаттарынын сапатынын жогорулашы күтүүлүдө, саламаттык сактоо уюмдарында керектөө тутумунун ачыктыгы камсыздалат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, калкты коопсуз, сапаттуу жана таасирдүү дары-дармектер менен камсыздоо – бул мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

«Өлкөгө ташып келинген сапатсыз дары-дармектер адамдардын ден соолугуна зор зыян келтирет. Биз фармацевтика жаатын биздин жарандардын кызыкчылыгын, алардын саламаттыгын эске алуу менен тартипке келтирүүгө тийишпиз. Биз сатып алынган дары-дармектердин коопсуздугун камсыздап, бул максаттарга бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугун камсыз кылышыбыз керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий