• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын эл аралык күнүнө арналган салтанатка катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болуп жаткандыгын карабастан, аларды эмгечил, алдыга максат кое билген, өжөр жана кайратман адамдар катары тааныйбыз.

«Мен бул тууралуу өз тажрыйбамдан билем, өзүм 20 жылдан ашуун социалдык тармакта иштеп, орун алган көйгөйлөр жөнүндө жакындан билем, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Биздин жарандардын укуктары бирдей корголгондо гана биз чыныгы өнүккөн жана бакубат өлкөнү курабыз. Жалпы жарандардын укугу бирдей сакталып, ал мыйзам аркылуу корголуусу кажет. Өзгөчө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары тийиштүү деңгээлде коргоого алынуусу зарыл. Биз бул максатка жетишүү үчүн колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз».

Ал белгилегндей, июнь айынан тарта жөлөкпулдардын өлчөмү 2800 сомдон 4000 сомго дейре жогорулатылды.

«Мунун өзү, албетте, жетишсиз, бирок бул биздин алгачкы гана кадамыбыз. Ошондой эле 23-ноябрда узак убакыт бою чечилбей келген маселе, - ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга камкордук көргөн ата-энелердин айлык акысын төлөө боюнча токтом кабыл алынды. Бул, биринчи кезекте, иштөөгө, пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок энелерге тийиштүү. Мамлекет аларга камкордук көрүү милдеттенмесин өзүнө алды. Бул жетишсиз жана Өкмөт мындан ары карай анын өлчөмүн жогорулатуу үстүндө иш алып барат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Өкмөт башчынын айтымында, жакын арада ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же кыйын ооруга чалдыккан мектеп жашындагы балдарды жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо бекитилди, мунун өзү алардын үйдө билим алуусуна шарт түзөт.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт БУУ, ЮНИСЕФ, Кызыл жарым ай жана башка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген жана аларга жардам көрсөткөн эл аралык донорлор жана уюмдар менен активдүү иштейт.


Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө көрсөткөндөй, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген активисттер Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын илгерлетүүгө гана эмес, өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө өздөрүнүн зор салымын кошуп келишүүдө.

«Алардын арасында Асипа Мусаева, Мирбек Асангариев, Толкун Исаков, Зейнеп Дыйканбаева жана башкалар бар. Өкмөттүн атынан сиздерге жасап жаткан эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Биз силер менен сыймыктанабыз», - деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр ошондой эле спортто, чыгармачылыкта, мамлекеттик кызматта, бизнесте чоң ийгиликтерди жараткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды белгилеп өттү.

«Мен социалдык коргоо тармагында көп жылдар бою эмгектенген адам катары Премьер-министр болуп турганда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктарын коргоо маселелерин мындан ары да активдүү илгерлетем. Бул үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Иш-чаранын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоосун жакшыртууга активдүү катышуусу менен өзгөчөлөнгөндөргө өкмөттүк сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өттү.

Майрамдык иш-чара концерттик номерлер жана «Тумар» тобунун бийлери менен коштолду, анын курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар бар.

Маалымдама: 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын он жылдыгынын соңунда (1983—1992) БУУ Башкы Ассамблеясы 3-декабрды Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү катары жарыялаган.

3-декабрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүн белгилөө майыптардын маселелерине көңүл бурууга, алардын аброюн, укуктарын жана жыргалчылыгын коргоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саясий, социалдык, экономикалык жана маданий жашоого катышуусунун артыкчылыктарына коомчулуктун назарын бурдурууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий