• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев долбоордук-сметалык документацияны кабыл алуу жана «Бирдиктүү терезенин» иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.03.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин имаратында ишке берилген долбоордук-сметалык документацияны кабыл алуу жана комплекстүү экспертиза жүргүзүү боюнча«Бирдиктүү терезенин» иши менен таанышты.

Долбоор архитектуралык-курулуш субъекттеринин ишмердиги жана кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана курулуш тармагындагы эксплуатацияга берилген объекттерди баалоо боюнча иштерди оптималдаштыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштеп баштаган.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө чейин түрдүү экспертизалар ар кыл мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп келген. Долбоордук-сметалык документациянын архитектуралык-курулуш жана инженердик экспертиза бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлсө, өрт коопсуздугу боюнча экспертиза – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, экологиялык экспертиза – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан аткарылып келген. Муну менен катар жалпы кароо мөөнөтү 170 күнгө чейин жетчү.

Долбоордук документациянын комплекстүү экспертизасын киргизүү менен бардык документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментине келип түшөт жана «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тармактык мамлекеттик органдарга ыкчам түрдө жиберилет. Экспертизадан өтүү мөөнөтү 30 күнгө чейин кыскарат.

Мындан тышкары долбоордук-сметалык документациянын экспертизасы учурунда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрүүнүн биринчи баскычы иштеп баштады.

Программалык камсыздоо Мамлекеттик экспертиза департаментинин www.gosexpertiza.gov.kg даректүү порталына пилоттук режимде кошулган.

Андан соң экинчи баскычка өтүү пландаштырылууда, анын алкагында программалык камсыздоо иштелип чыгат жана сервердик жабдуулар орнотулмакчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, «Бирдиктүү терезени» ишке киргизүүнүн жарандар жана аткаминерлер ортосундагы байланыштарды четтетүү, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана мамлекеттик органдарга жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатууда зор мааниси бар.

Өкмөт башчы белгилегендей, долбоордун кийинки баскычтарын натыйжалуу киргизүү жана «Бирдиктүү терезенин» кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу зарыл, бул жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тоскоолдуксуз алууларын камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий