• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Долбоорлорду ишке ашырууда аларды сапаттуу даярдоо маанилүү роль ойнойт

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Долбоорлорду ишке ашырууда аларды сапаттуу даярдоо маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Тигил же бул долбоорлорду иштеп чыгууда жооптуу адамдар тарабынан комплекстүү мамиле жок. Бир нече жылда аягына чыга турган долбоорлор 5 жылдан ашык убакытка созулуп жатат. Долбоордук-сметалык документация даяр эмес, а бирок ратификациянын маанилүүлүгү каралып жаткан учурлар кездешет. Бардыгын эрежеси менен жасаган учурлар бар. Бирок кийин 2-3 жыл мурда бүткөн объекттер өз убагында сапатсыз аткарылган иштин айынан кайра каражат салууну талап кылып жатканы анык болот», - деп белгиледи Премьер-министр.

Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеш эл аралык финансы институттардын эсебинен ишке ашырылып жаткан 4 долбоорду карады. Алардын ичинде Ош, Каракол шаарларын жана Нарын облусунун 30дан ашуун айылын суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуунун алкагында объекттерди реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлор жактырылды. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун долбоордук баасы 10 млн АКШ долларын түзөт.

«Калкты суу менен камсыздоону жакшыртуу – өлкө Президентинин артыкчылыктуу программаларынын бири болуп саналат. 2023-жылга карата өлкөнүн калк жашаган жерлеринде ичүүчү таза суунун жоктугу көйгөйүн жоюуга тийишпиз. Бирок бул иш кайра 2-3 жылдан кийин оңдоого муктаж болбой, сапаттуу аткарылышы кажет. Донорлор тарабынан берилген каражаттарды төлөп, алар үчүн отчет беребизди эсиңерден чыгарбагыла. Ошондуктан силердин ар бир ишиңер текшерилет», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен бирге Өкмөт башчы бир нече объектти текшерет, анын сапаты боюнча тиешелүү ведомствонун кызматкерлеринин ишине баа берилип, ээлеген кызматына ылайык келери каралат.

Пикир

Оставить комментарий