• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Душанбеде өтө турган ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешине катышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.10.18 /Кабар/. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 11-12-октябрь күндөрү Душанбе шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өкмөт башчыларынын кеңешине катышат.

Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлери ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын программасын ашке ашыруунун жүрүшүн, Ишкерлер кеңешинин жана ШКУнун банктар аралык бирикмесинин жумушун талкуулашат. Бул тууралуу Россиянын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кеңештин отурумунун күн тартиби ШКУнун алкагында соода-экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттин өнүгүү маселелерин камтыйт.

Өкмөт башчылар уюмдун ишинин түрдүү аспектилери боюнча бир катар чечимдерди кабыл алышып, анын ичинде 2019-жылга бюджетин бекитишет.

Пикир

Оставить комментарий