• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Душанбеге учуп кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) 12-октябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Кеңешменин жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ШКУ алкагындагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашат.

Жыйын алкагында Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий