• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев ЕӨАК кезектеги жыйынына катышат

Өкмөт 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 27-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.

Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темаларын, ошондой эле ЕАЭБ ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий