• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Абылгазиев: ЕАЭБ алкагында экономикасын жакындаштырууга багытталган финансылык колдоо институтун түзүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Интеграциялык бирликтин алкагында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасын жакындаштырууга жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган реалдуу иш алып баруучу натыйжалуу финансылык колдоо институтун түзүү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы(Беларусь Республикасы)Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынында билдирди.

«Тар курамда биз өлкөлөрдүн экономикасын мындан ары карай өнүктүрүү үчүн принципалдуу мааниге ээ болгон, ошондой эле интеграциялык биримдиктин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багыталган бир катар маселелерди карап чыктык. Биз ЕАЭБ алкагындагы Алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө келишимдин каралып жаткан долбоору аталган облусту жөнгө салуунун бирдиктүү кадамдарын түзүү жана «камсыздоо төлөмүн» сунуштоо сыяктуу талаптарды жоюу ыкмасы аркылуу бардык тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз. Бул маселенин чечилиши бизнес үчүн зор мааниге ээ. Ошондой эле биз Биримдиктин жаңы органдарын түзүүгө байланыштуу маселелерди талкууладык жана мындай органдар кызматташтык тармагынын кеңейүү чеги боюнча жана Биримдикке мүчө-мамлекеттер ортосундагы функцияларды тең калыпта бөлүштүрүүнү эске алуу менен түзүлүшү керек деген жалпы пикирге келдик», – деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, ЕАЭБ ичинде жана үчүнчү өлкөлөр ортосунда да соода-экономикалык мамилелердин динамикалуу өнүгүүсү байкалууда.

«ЕАЭБде финансылык жардам институтун киргизүү биригүүдөгү көптөгөн процесстердин «катализатору» жана тездетүүчүсү боло алмак. Биздин республика буга чейин ЕАЭБ Өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселесин демилгелеген. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү биз мүчө-мамлекеттердин жетишээрлик кызыгуусун жана Комиссиянын бул багыттагы чыныгы иштерин көрө алган жокпуз. Буга байланыштуу Комиссияга тийиштүү сунуштарды киргизүү менен бул маселени изилдөө боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырууну сунуш кылабыз», – деп сунуштады ал.

Жыйындын жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБ алкагында кызматташууну мындан аркы тереңдетүү боюнча бир нече сунуштарды келтирди.

«Анын ичинде, өндүрүштүк потенциалды, жогорку кошумча нарктуу продукцияларды чыгаруу кубаттуулугун өркүндөтүү, ошондой эле кооперацияны, аны менен бирге биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу бардык өнөр жай тармактарында өлкөлөр аралык горизонталдык байланыштарды күчтөндүрүү, өндүрүштү өнүктүрүү, айыл чарба товарларынын, айыл чарбасын колдоо эрежелерин жана механизмдерин шайкеш келтирүү боюнча мамлекеттер аралык программаларын түзүү аркылуу агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү зарыл», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бүгүн жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөргө 2019-жылы жетишүү үчүн илимий-техникалык өнүктүрүүнүн биргелешкен программаларын жана жаңы технологиялар менен инновацияларды түзүү жана пайдалануу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди кабыл алуу кажет.

«Муну менен бирге товарларды өндүрүү жана илгерлетүү, ошондой эле ЕАЭБ бирдиктүү брендинин алдында кызматтарды көрсөтүү ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн таасирдүү чара боло алат», – деп ырастады ал.

Жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө Өкмөтү кызматташуунун жана ЕАЭБдин таасирдүүлүгүн жана аброюн мындан ары бекемдөө максатында өз ара аракеттешүүнүн бардык багыттары боюнча иштөөгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий