• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары менен биргеликте Лукашенко менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарында(Беларусь Республикасы)Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышып жаткан Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко кеңешме катышуучулары менен саламдашууда товарлар, тейлөө, капиталдар жана жумушчу күчтү, жалпы тармактык рынокторду уюштурууга тоскоолдуктарды жоюу иретинде каралган ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин ишке киргизилишине бөлүнгөн он жылдын төртүнчү жылы жыйынтыкталып жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, Өкмөт башчылар орун алган көйгөйлөрдү дыкат карап чыгууга жана толук кандуу экономикалык бирликтин калыптанышы үчүн зарыл болгон такталган чечимдерди кабыл алууга тийиш.

Ал баса көрсөткөндөй, жалпы энергетикалык рынокторду түзүү негизги элемент болуп саналат, ошондой эле санариптик күн тартибинин алкагында биргелешип иштөө маанилүү экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий