• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барды - фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 12-13-сентябрда эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барды.

Сапардын биринчи күнүндө Өкмөт башчы Ош облусундагы Чоң-Алай районунда бир катар орто мектептердин жана ооруканалардын ачылыш салтанаттарына катышты.

Мындан тышкары ал Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Алай районундагы «Перите Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасы менен таанышты.

Жумушчу сапардын экинчи күнүндө Премьер-министр Өзгөн жана Ноокат райондорунда мектептердин ачылыш салтанатына катышты, ошондой эле Он-Эки-Бел айылында жалпы билим берүү мекемесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий