• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Эки тараптуу бардык маселелер боюнча бир пикирге келе алдык

Саясат 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Эки тараптуу бардык карым-катнаш маселелери боюнча биз бирдиктүү бир пикирге жана эки жактуу кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөө үчүн күч-аракеттерди консолидациялоо керектигин жакшы түшүндүк. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев биздин республикага расмий сапары менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

«Мен биздин сүйлөшүүлөрүбүздүн жыйынтыгы үзүрлүү болгонун абдан чоң канааттануу менен белгилеп кетет элем. Биз кеңири чөйрөдөгү маселелерди талкуулаганга жетиштик. Айрыкча экономика, соода-сатык, инвестиция жана айыл чарба багытындагы, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жаатындагы кызматташууларды өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, өз ара товар алмашууну көбөйтүү маселеси сүйлөшүүлөрдүн башкы темаларынын бири болду.

«Премьер-министр Ли Нак Ён абройлуу корей ишкерлерин өзү менен бирге Кыргызстанга ала келиши – бизди абдан кубандырды жана расмий иш сапардын алкагында учурда бизнес форум өтүп жаткандыгын белгилеп кетем. Бизнес форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгы менен бир катар бизнес-келишимдер жана инвестициялык, анын ичинде була-оптикалык чубалгыларды (кабелдерди) чыгаруучу заводдун жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу клубдун курулушу боюнча макулдашуулар түзүлдү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жана бүгүн бизнес-форум В2В түрүндө уланып жатканын кошумчалады.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-корей ишкерлеринин биргелешкен демилгелерин жеке өзү колдоого аларын баса көрсөтүп, 2010-жылдан 2018-жылга чейин атамекендик экономикага 68,8 млн АКШ доллары түз корей инвестициялары келгендигин кошумчалады.

«Корея тараптан инфраструктура, транспорт жана башка мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлорго болгон кызыгуу чоң экенин эске алып, биз өзүбүздүн алдыбызга бул сандарды жакынкы келечекте эки эсеге чейин көбөйтүүнү көздөп турабыз. Мындан тышкары Кыргызстандын аймактарында заманбап алдыңкы корея технологиялары киргизилген кыргыз-корей биргелешкен ишканаларын ачуу, анын ичинде кайра иштетүү, продукттарды дүйнөлүк стандарттарга ылайык таңгактоо боюнча ишканалардын ачылышы өндүргөн продукцияларыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтөт жана Европа рынокторуна чыгууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратат», - деп белгиледи ал.

Премьер-министр билдиргендей, экономикалык өнүктүрүү жаатындагы Кореянын кызматташтык фонду тарабынан ишке ашырылуучу Бишкек шаарында 150 орундуу республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын корпусун куруу боюнча Макулдашууга кол коюу тууралуу келишилди.

«Корея тарапка, анын ичинде Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине ведомстволор аралык “Түндүк” электрондук өз ара кызматташуу системасы аркылуу электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоого грант бөлүү ниети үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет. Ошондой эле жакынкы келечекте тараптар 20,5 млн долларлык 4 долбоорду ишке киргизүүгө ниеттенип жатышат. Андан тышкары биз туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүнү көздөп жатабыз. Акыркы бир нече жылда Корея Республикасынан Кыргыз Республикасына келген туристтердин саны эки эсеге өстү. Туристтик байланыштарды жандандыруу, ошондой эле маданий жана гуманитардык тажрыйба алмашуу максатында биз Бишкек жана Сеул ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча маселени карап чыктык. Бул өз кезегинде соода-экономикалык байланыштарды илгерилетүүгө оңдуу таасир берет», - деди Өкмөт башчы.

Өз кезегинде Ли Нак Ён белгилегендей, Корея Республикасы эки жактуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерине зор маани берет.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын потенциалы чоң, ал эми өлкөлөр дүйнөлүк рынокторго биргелешип чыгуу үчүн жакшы мүмкүндүктөргө ээ.

Ли Нак Ён белгилегендей, инвестициялык климаттын жакшыруусу корей инвестицияларынын өсүшүнө алып келет, анткени корей бизнеси ар түрдүү чөйрөлөрдө кызматташууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий