• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев уран кенинде ишти токтотуп турууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, 2018-жылдын 31-декабрында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү тарабынан калк өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушууларды өткөрүү максатында бир нече жолу сапарлар уюштурулган, ошондой эле лицензиялык аянттын жана кендин айланасынын табигый радиациялык фонун радиометриялык өлчөө жүргүзүлгөн. Иштин жыйынтыгы боюнча Таш-Булак Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кени боюнча аралык отчет даярдалган.

Бирок, уран аянтын өздөштүрүү боюнча маселелерди терең жана ар тараптуу изилдөө максатында 2019-жылдын 18-апрелинде Премьер-министрдин чечими менен бардык компетенттүү мамлекеттик органдарды тартуу менен кеңейтилген курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Өкмөт башчы комиссияга комиссиянын Иш-планын иштеп чыгуу жана бекитүү, айлана чөйрөгө, мал чарбачылыгына жана адамдын саламаттыгына тийгизген таасирине карата мониторинг жүргүзүүнү жана талдоону тапшырган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, уран кенине байланыштуу бардык чечимдер ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгын эске алуу менен гана, бардык акыркы анализдер жана зарыл болгон оң экологиялык жана техникалык экспертизалар алынгандан кийин кабыл алынат.

«Уран кенинде иштеген компания 2004-жылы катталган, 2010-жылы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. 2013-жылы ал экинчи лицензиясын алып, ошондон бери ушул кенде ишин улантып келет. Бүгүнкү күнү атайын комиссиянын ишин күчтөндүрүү, анын ачык жана айкын ишмердигин камсыз кылуу, ишке жогорку класстагы эксперттерди, парламенттин депутаттарын, жарандык коом жана жергиликтүү калк өкүлдөрүн тартуу керек. Болушунча объективдүү жана ачык иштөө кажет. Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башка чечим кабыл алуу зарыл. Ошондуктан мен комиссиянын дыкат, ачык жана объективдүү ишин камсыздоону тапшырам. Бул менин талабым жана Өкмөттүн позициясы», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр экологиялык маанилүү маселени көтөрүп чыккан жарандарга жана активисттерге ыраазычылык билдирди.

«Ден соолукка зыян келтирүү жана экологияны бузуу мүмкүндүгү маселелеринде эч кандай саясат болбошу керек. Инвестициялар, бюджетке түшүүлөр жана жумуш орундарын түзүү маселелери экинчи пландагы мүнөзгө ээ. Дагы бир жолу белгилей кетсем, чечим ден соолукка жана айлана чөйрөгө, демек биздин келечегибизге зыян келтирүү мүмкүндүгү бар же жоктугуна жараша кабыл алынат. Муну баарыбыз так түшүнүүгө тийишпиз. Ошондуктан комиссия ишин аяктаганга чейин кенде бардык иштер токтотулушу керек. Компаниянын өкүлдөрү комиссиянын ишине активдүү катышып жана анын ишмердигине ар кыл көмөк көрсөтүүгө тийиш», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күнү бул участокто эч кандай казуу иштери жүргүзүлгөн жок жана комиссиянын иши аяктап, бардык оң экспертизалар алынганга чейин жүргүзүлбөйт дагы.

Маалымдама: «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсы КРда 2004-жылы катталган, 2010-жылы 18-ноябрда компания Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кенин геологиялык изилдөө максатында колдонууга 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө укук алган.

2013-жылдын 10-июлунда лицензия уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор, сейрек кездешүүчү топурак элементтерин жана талаа шпатын геологиялык чалгындоо иштерине багытталып кайра түзүлгөн. 2012-жылдан тартып жалпысынан «Кыргызстандагы ЮрАзия» инвесторлору геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом салышкан. Компания Тоң районунун ири жана негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Уран иштетүүгө артыкчылыктуу участок катары Таш-Булак кени саналат, анда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Таш-Булактагы уран кени учурда сырьенун жоктугунан токтоп турган Кара-Балта Тоо-кен комбинатына сырье жөнөтүү үчүн негизги жергиликтүү булак болуп саналат. Уран кенинде 250дөй жумуш ордун, ал эми КБТКда – 450 жумуш ордун түзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий