• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев экологиялык жактан таза продукцияларга улуттук бренддердин стандартын иштеп чыгууну сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.08.18./Кабар/. Өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн экспортко багытталган ишканаларды колдоо, ошондой эле экологиялык жактан таза продукцияларга “кыргыз эти” “кыргыз сүтү”, “кыргыз алмасы”, “кыргыз балы”, “кыргыз жаңгагы” сыяктуу улуттук бренддердин ЕЭАБ талаптарына жана ИСО, ХАССП стандарттарына дал келген стандартын иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, чет жактарда элчиликтер үчүн экспорттун үлүшү, инвестициялардын тартылышы, туристтерди алып келүүсү сыяктуу критерийлерди киргизүү оң натыйжа берет.

Ошону менен бирге ал баса көрсөткөндөй, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ведомстволор аралык “Түндүк” электрондук системасы толук кандуу ишке киргизилет, мында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө адамдык факторлор жокко чыгарылып, коррупциялык тобокелдиктерди жоюлат.

«Жарандар менен мамлекеттик кызматчылардын ортосунда коррупцияга жол берүүчү көрүнүштөрдү жокко чыгаруу керек. Жарандарда толук ишеним жараткан башкаруу системасы киргизилиши зарыл. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү санариптик платформага толук өткөрүү менен иш жүзүнө ашырылат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий