• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Экономика инвестициясыз натыйжалуу иштей албайт

Өкмөт 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Кайсы гана өлкөнүн экономикасы болбосун инвестициясыз натыйжалуу иштей албайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев BIF-2019 Бишкек инвестициялык форумунда билдирди.

«Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, жеке менчикти коргоо жана бардык бюрократиялык тоскоолдуктарды четтетүү биздин жалпы ишибиздеги маанилүү артыкчылык болуп саналат. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө туура тандалган артыкчылыктар натыйжаларын берүүдө. Алсак, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициянын агымы дээрлик 40% көбөйгөн, ал эми 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 60% жеткен. Тышкы соода балансынын тартыштыгы 450 млн АКШ долларына кыскарган. Бул начар көрсөткүч. Ички ресурстардын, өндүрүштү өбөлгөлөөнүн жана бюджеттин ашыкча чыгымдарын кыскартуунун эсебинен биз өлкөгө келген инвестициялардын агымын турукташтырууга жетише алдык. Атамекендик экономиканын турукташуусундагы кыйла маанилүү дагы бир нерсе тышкы карыздын анча чоң эмес, бирок туруктуу төмөндөө тенденциясы болуп саналат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, коррупцияны жок кылуу механизмдери өлкө үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк – эл аралык каржы институтунун версиясы боюнча «Бизнести жүргүзүү» эл аралык рейтингинде ТОП-20 реформатор өлкөлөрүнүн катарына кирүүгө шарт түздү.

««Электр тармактарына кошулуу», «Салык салуу» жана «Насыя алуу» тармактарында реформалар белгиленди. Республика эки жыл катары менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү инвестициялык климаттык баамдоосу боюнча бул эл аралык абройлуу рейтингде прогрессти көрсөтүп турат. Ошону менен бирге бизнес-омбудсмен кызматына чет элдик жаран – Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд Смитти дайындоо менен өлкө дүйнөгө ишкерлик чөйрөсүндө реформа жүргүзүү боюнча өз ниеттеринин олуттуулугун көрсөттү», - деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев бизнестин жаңы түрлөрүн өнүктүрүү жана калыптандырууда жаштардын позитивдүү ролун белгиледи.

«Биз жаш муунга өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүүгө, рыноктун катаал шарттарында атаандаштыкка туруктуу болууга мүмкүнчүлүк беришибиз абзел. Пайдалуу кендердин жана энергия булактарынын чектелген гана ресурстарына ээ болсок дагы, жаңы технологиялар менен илимдин жетишкендиктерине негизделген заманбап экономиканы түзүүгө милдеттүүбүз. Жаштар башында турган стартаптар жана долбоорлор, технологиялык өнүгүүнүн күчтүү кыймылдыткыч күчү болуп саналат. Бул ийгилиги бардык кызыкдар тараптардын активдүү катышуусуна көз каранды болгон глобалдуу долбоор. Биз маалыматтык технологиялар дүйнөсү – бул келечек дүйнөсү экенин түшүнүбүз керек», - деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы жакынкы келечекте чоң инвестиция алып келиши мүмкүн болгон экономиканын бир катар артыкчылыктуу багыттарын санап өттү.

«Бул туризм чөйрөсү, ЕАЭБке мүчөлүк, ВСП+тан артыкчылыктардын берилиши, стратегиялык, географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу. Эл аралык абройлуу институттардын изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргызстан батыш тараптан жалпы калкы дээрлик 700 миллион адамды түзгөн рынокко ээ, ошондой эле 2,5дан 5 млрд АКШ долларына чейин түз чет элдик инвестицияларды тартуу потенциалына ээ. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын 1,5 млрд калкы бар Кытай Эл Республикасы менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү акыркы жылдары жогорулады. Мындан тышкары 1,4 млрд калкы бар Индия менен карым-катнаш да жакшырууда», - деп констатациялаган Мухаммедкалый Абылгазиев, форумдун катышуучуларын бизнести өнүктүрүү үчүн жогоруда айтылган артыкчылыктарды колдонууга чакырды.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев International Franchise and Trade Expo атайын эл аралык адистешкен көргөзмөсүн көрүп чыкты. Бул иш-чара соода жана дүйнөлүк ааламдашуунун символу болуп калды.

Маалымдама: BIF 2019 Бишкек инвестициялык форуму үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Форумдун уюштуруучусу – JIA бизнес-ассоциациясы.

Форумдун алкагында International Franchise and Trade Expo эл аралык көргөзмөсү да өтөт. Быйыл форум дүйнөнүн 10 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирди, алар: АКШ, Евразиялык Биримдик жана Жакынкы Чыгыш, ошондой эле Борбор Азия аймагынын өлкөлөрү.

Пикир

Оставить комментарий