• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Экономикага пайда алып келбеген, чыгашалуу ишканалардын мамлекетке кереги жок

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин 2018-жылга жана үстүбүздөгү жылдын 5 айына карата жыйынтыгы каралган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчү төмөн бойдон калып, ал эми таза кирешенин суммасы кыскарууда. Бул «Альфа Телеком», «ТНК «Дастан», «Ишкерликти өнүктүрүү фонду», «Нарын ГЭС», «Найман ГЭС» акционердик коомдору сыяктуу жана башка бир катар ишканаларга тийиштүү. «Бишкек машина куруу заводу» ААК жана «Кепилдик фонду» ААК сыяктуу компаниялардын сарптоо пландары 206,08% жана 162,38% көбөйгөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүгүн жогорулатуу – өкмөттүн ишинин артыкчылык берилген багыттарынын бири.

«Тилекке каршы, бүгүнкү күнү, мамлекеттик менчикти башкаруудагы кырдаал өлкө экономикасынын кызыкчылыктарына жооп бербейт. 106 мамлекеттик ишкананын 51и рентабелдүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Биз ар бир объекттин ишин карап чыгышыбыз керек. Бюджетке жана экономикага пайда алып келбеген бардык мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл. Ошондо гана чыгашалуу ишканалардын киреше табуусуна, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө, салыктарды төлөөгө жетишүүгө болот. Тилекке каршы, учурда мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин бири дагы конкреттүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыккан эмес, демилге көтөрбөй жатышат. Дал ошондуктан Өкмөт тарабынан натыйжалуу ишмердүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү киргизилген. Себеби башкаруунун төмөндүгүнөн көптөгөн компаниялар рентабелдүү эмес жана чыгашалуу. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүндө ар бир жетекчинин ишин деталдуу талдоо каралган. Анын жыйынтыгында биз тийиштүү чараларды көрөбүз. Активдердин жана капиталдардын рентабелдүүлүгү түшүп, өнүгүү жок. Быйылкы жылы биз бул маанилүү маселеге чекит коюп, мамлекеттик менчикти башкаруунун түшүнүктүү жана таасирдүү механизмдерин киргизүүгө жана ага жогорку класттагы менеджерлерди тартууга тийишпиз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу премьер-министр Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна бир айлык мөөнөттө тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу менен ишенимдүү башкарууга бериле турган мамлекеттик менчиктеги объекттердин тизмесин даярдоону тапшырды.

«Бул механизм мамлекеттик компаниялардын жетекчилигине чыныгы кесипкөйлөрдү тартууга шарт түзөт. Аутсорсинг принцибин киргизүү жеке сектордун ресурстарын экономиканын кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануу үчүн мүмкүндүктөрдү түзөт. Белгилей кетсем, бул ушул объекттер жеке колго берилет дегенди түшүндүрбөйт. Кесипкөй кадрлардын, каржылоонун жетишсиздиги, корпоративдик башкаруу деңгээлинин төмөндүгү жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууда топтолгон маселелер чечилбеген бойдон калууда. Бул кардиналдуу реформалардын зарылдыгын айтып турат», – деп ырастады премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Улуттук башкаруучу компания» АК түзүү мамлекеттик компанияларды холдингдер модели боюнча башкаруунун борбордоштурулган тутумун киргизүүгө жана ишке топ-менеджерлерди тартууга шарт түзөт. Ошондой эле бул өлкө экономикасынын кызыкчылыгында мамлекеттик компанияларга кошумча ресурстарды жана инвестицияларды тартууга багытталган чечимдерди кабыл алууну өбөлгөлөйт.

Пикир

Оставить комментарий