• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Экономикалык өнүгүү болмоюнча социалдык чөйрөдө оңдуу жылыштар болбойт

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Экономикалык өнүгүү болмоюнча социалдык чөйрөдө оңдуу жылыштар болбойт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясында билдирди.

«Жалал-Абад облусу – өнөр жай, энергетика жана туризм чөйрөсүндө олуттуу потенциалы бар аймак. Муну менен катар ушул жана башка тармактардын өнүгүүсүнө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Мисалы, айрым жарандар өз каражаттарын салып, жеринде өндүрүш ишканаларын жана жумуш орундарын түзүп жаткан инвесторлордун иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошол эле учурда буга жергиликтүү бийлик аракет көрбөйт атат. Аймак айыл чарбасындагы түшүмдүн жана кирешенин көрсөткүчү боюнча Чүй облусунан кийин эле экинчи орунда болуш керек болчу. Облустун жери түшүмдүү келип, климаттык шарты өтө жакшы. Бул артыкчылыктарды да колдоно билүү керек. Туризм боюнча, Жалал-Абад облусунда бул тармак өтө жай өнүгүүдө. Биз бир гана Ысык-Көл менен чектелбешибиз керек, анткени биздин өлкө – бул туристтик бейиш. Туризмге күч жумшаса эле, ал акырындык менен өнүгөт. Бул багытта жергиликтүү бийликтин жасап жаткан кадамдарын көрбөй жатам», - деди ал.

Өкмөт башчы аймактын өндүрүш ишмердигине, анын ичинде Майлуу-Суу лампа заводуна колдоо көрсөтүү керектигин айтып өттү.

«Бул шаарды өнүктүрүүчү ишкана. Биз заводдогу иш толугу менен жандануусу үчүн инвестор табышыбыз керек. Дегеле ишкердикти колдоо – бул Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууну киргизүү ишкерликти колдоо боюнча жүргүзүлгөн саясаттын маанилүү элементтеринин бири болуп саналат. Фискалдаштырууну киргизүү менен мамлекеттик органдардын иши ачык, ал эми бизнестин иштөөсүнө жеңил болуп калат жана өздөрүнүн негизги иши болгон акча табуу, экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү менен гана алектенип калышат. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын өсүүсү 4,5% же 590 млрд. сомду түздү. Муну менен катар экспорт 9,5%га жогорулады, ал эми импорт 6,6%га төмөндөдү. Сабаттуу акча-кредит саясатынын негизинде бюджеттин дефицити кыйла кыскарды. Мамлекеттик финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар көрүлө баштады. Былтыр мамлекеттик сатып алуулардын 49% ата мекендик өндүрүш линиясы боюнча ишке ашырылды. Мамлекеттин үлүшү бар финансылык институттардын насыялык каражаттарынын көлөмү көбөйүүдө», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында элеттеги ишкерликти өнүктүрүүгө кошумча 4 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи.

«Ар бирибиз аймактарды өнүктүрүү – бул баарынан биринчи калктын басымдуу бөлүгү жашаган айылдарды өнүктүрүү экенин жакшы түшүнөбүз. Эгерде ар бир аймакта 2-3төн ишкана ачылса, бул жергиликтүү калк үчүн мааниси чоң. Биз ар бир айылда ийгиликтүү ишкердин болушуна жетишүүбүз керек. Ошондо жаштар билим алганга жана ийгиликке жетишкенге аракет кылат», - деп белгилеп, премьер-министр, бийик натыйжаларга жетүү ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге, ар бир жаранга байланыштуу экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий