• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Экономиканын актуалдуу маселелери мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кеңештин буга чейинки чечимдерин аткаруу боюнча 2019-жылдын 29-январындагы 8 чечимдин ичинен бешөө аткарылган. Алардын ичинде байланыш операторлоруна курулуш үчүн уруксат кагаздарын берүүдө негизсиз талаптарды жана алтын кенин чыгарып кетүүдө кен компанияларына техникалык корутунду берүү мөөнөттөрүн четтетүү бар. Мындан тышкары виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу, техникалык талаптарга жооп бербеген тамак-аш продукцияларын алуу жана жок кылуу чечимдери ишке ашырылууда.

«Бул бизнести өнүктүрүү, бизнес-климатты жакшыртуу жана инвестицияларды тартуу боюнча биз таасирдүү чараларды көрүп жатканыбызды айтып турат. Айрым маселелер жылдап чечилбей келген. Биз бул багыттагы иштерди улантууга ниеттенүүдөбүз. Бирок бизнес-коомчулуктан кыйла активдүү болууну жана четтетүү үчүн орун алган кемчилдиктерди көрсөтүүнү өтүнөбүз», - деди Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы Курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясына тийиштүү маселени көтөрдү, маселе алгач ирет Кеңеште 2012-жылы козголгонуна карабастан, ал боюнча мамлекеттик органдар тарабынан чечим чыгаруу создуктурулуп жатат.

«Бул Стратегия өлкөнүн экономикалык потенциалынын өзөгү болгон курулуш тармагын өнүктүрүүнүн негизги жана артыкчылыктуу багыттарын аныктоого арналган. Стратегиялык документтин жана тутумдуу мамиленин жоктугу мыйзамдык карама-каршылыктарга жана курулушка берилген жер тилкелери боюнча кемчилдиктерге алып келди», -деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тарабынан активдүү жүргүзүлүп жаткан «жашыл экономика» саясатына карабастан, имараттардын энергия үнөмдөөчү саясатын ишке ашыруу механизмдери жок.

«Турак жай имараттарын пайдаланууга жана турак жай фондун сактоого тутумдуу мамиле жасалбайт. Бул тармактык мамлекеттик органдар шаар куруу чөйрөсүндөгү кырдаалды жакшыртууга тийиштүү көңүл бурбай жаткандыктарын айтып турат. Биз курулуш жаатын, анын ичинде аймактарда жана «өсүү чекити шаарларында» өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында чечкиндүү чараларды көрүүгө тийишпиз. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун баасынын жана кен иштетүү тармагында айлана чөйрөнү булгоо үчүн төлөм ченемдери маселеси чечилбеген бойдон калууда», - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйында экспортчулар үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) кайтаруу процедураларын жеңилдетүү чаралары тууралуу маселе каралды.

Белгиленгендей, атамекендик экспортчу ишканалар салыктын бул түрү боюнча кайтарым ала алышпайт, бул атамекендик экспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, соода балансынын тартыштыгынын өсүүсүнө жана өндүрүштүн кыскаруусуна алып келет.

«Бул маселени чечпестен, биздин аймактарды өнүктүрүү жана ал жактарда жаңы өндүрүштүк жана жумуш орундарын түзүү боюнча пландарыбыз ишке ашпайт. Экспортчулар үчүн КНС боюнча чегерим алуунун мүмкүн эместиги инвестиция салуу чечимдерин кабыл алууда олуттуу чектөөлөргө алып келет. Буга байланыштуу бул маселени мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыгында чечүү боюнча негиздүү сунуштарды киргизүү зарыл», - деп тапшырды Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде бизнес-коомчулук ак ниет экспортчу компаниялар үчүн КНС кайтаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин кеңейтүүнү жана КНС боюнча учурдагы карыздарды эл аралык алдынкы тажрыйбаларды колдонуу менен кайтарууну сунуштады.

Жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Катчылык жыйынга мамлекеттик органдар тарабынан аткарылбаган гана маселелерди алып чыгуусуна басым койду. Ал белгилегендей, кабыл алынган чечимдерди аткарууну камсыз кылбаган жетекчилерге карата катуу чаралар көрүлөт.

Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга сунуштар менен бир катар чечимдер кабыл алынды.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жыл аягында бул багытта жыйынтыктарды чыгаруу, бизнес-коомчулукту кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымдоо үчүн бул чечимдердин аткарылышын жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий