• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Электромобилдерди колдонуу боюнча аймактык лидер болуу мүмкүнчүлүгүбүз бар

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна жакында эле кол коюлган.

Айтылып жаткан документ бир катар салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жоюу боюнча өбөлгөлөөчү чараларды киргизүү жолу аркылуу өлкөдө электромобилдерди колдонууга жагымдуу шарт түзүү жана электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарынын ээлери үчүн экономикалык жана социалдык жактан пайдалуу болуусуна багытталган.

Өкмөт башчы белгилендей, дүйнөлүк тенденцияда электромобилдик транспорт күн санап кеңири колдонулууда, буга байланыштуу биздин өлкөдө бул багыт жашыл экономиканын бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары каралышы керек.

«Экологиялык жактан таза транспортко өтүүнүн негизги жана артыкчылыктуу себеби – бул айлана-чөйрөгө чыккан зыяндуу заттарды кыйла азайтуу, экологияга кам көрүү болуп эсептелет. Статистикалык маалыматтар боюнча, кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорт электромобилге салыштырмалуу орто эсеп менен 13 эсе көп углерод жана башка газдарды чыгарат. Көмүр суутектүү заттын жана газдын олуттуу корунун жоктугун эске алуу менен, экологиялык транспортко багытталган жана электромобилдерди бардык жерде колдонууга өтүүгө умтулуу стратегиялык максат болуп саналат. Бул экологияны сактоо жагынан алып караганда, өлкөнүн энергетикалык көз карандылыгын тең салмактайт жана төмөндөтөт. Ошол эле учурда бизде электр энергиясынын тарифи эң эле төмөн, бул электромобилдерди колдонууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт», - деди ал.

Премьер-министр мамлекеттик органдар жарандарга үлгү көрсөтүшү керектигин белгилеп, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлбөй мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого багытталган башка беренелер үчүн бюджеттен кеткен учурдагы чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт. Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү жана электромобилдер үчүн КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары транспорттун бул түрү унаа салыгынан жана комплекттик бөлүктөр жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы.

«Лизингдик программаларды ишке ашырып баштоо үчүн электромобилдерди өндүрүүчүлөргө инвестициялык сунуштарды даярдоо керек. Ошондо жыл сайын мамлекеттик органдардын автопарктарын камсыздоого сарпталган каражаттарды мамлекеттик бюджетке кошумча жүк келтирбестен, лизингдик программаларды ишке ашырууга жумшоого болот», - деди Абылгазиев.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы республикада 1 млн 173 миң транспорттук каражат катталган, анын 94,6 пайызынын чыгарылганына 10 жыл жана андан ашык убакыт өткөн. Бул статистика өлкөнүн автопаркынын эскерип бара жатканын көрсөтүп турат.

Bloomberg New Energy Finance'тын (BNEF) баамында, 2025-жылы электромобилдерди сатуу 11 миллион даанага жетет жана 2030-жылы 30 миллион даанадан ашат. Электромобилдерди чыгаруу жана сатуу темпинин мындай өсүшү технологиялык чечимдерге жана батареялардын баасынын арзандашына (электромобилдердин баасынын 40 пайызы) жараша болот.

Пикир

Оставить комментарий