• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-апрелде, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Министр Өкмөт башчыга ведомствонун учурдагы иши жана келечек пландары тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, учурда министрликтин ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана инвентаризациялоо боюнча иштер жүрүүдө.

Өкмөт башчы белгилегендей, ведомствонун негизги милдеттеринин бири калктын социалдык жактан корголушун камсыздоо жана сабаттуу социалдык саясатты жүргүзүү болуп саналат.

«Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, иш процессин жана уюштуруучулук түзүмдү оптималдаштыруу максатында министрликтин ишин функционалдык талдоодон өткөрүү, борбордук аппаратта жана жер-жерлерде кадрдык потенциалды күчтөндүрүү боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, социалдык тармакка бөлүнгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланышына көзөмөлдү күчөтүп, мониторинг өткөрүү зарыл, ошондой эле анын даректүүлүгүн күчтөндүрүү максатында мамалекеттик жөлөк пулдарды дайындоо критерийин кайрадан карап чыгуу зарыл.

«Жатып ичерлик өткөн учурда калышы керек. Өзгөчө көңүл үй-бүлө институтун өнүктүрүүгө жана чыңдоого, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана аны калыбына келтирүү маселесине бурулушу кажет. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда ишке орноштурулган мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын саны тууралуу статистикалык маалыматтар жок. Мыйзам боюнча, менчик формасынан көзкарандысыз түрдө, 20 адамдан кем эмес иштеген уюмдарда мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды ишке орношутрууга 5% квота бөлүнүшү керек. Бирок, тилекке каршы, мыйзамдын бул ченеми иштебей келет. Ошондой эле өлкөнүн жумушсуз жарандарына акы төлөнүүчү коомдук иштерде эмгектенүү мүмкүндүгүн сунуштоонун максатка ылайыктуулугун иликтеп чыгуу зарыл.

Бул өзгөчө айыл жергесинде жана алыскы райондордо актуалдуу болуп саналат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев жана аталган маселелердин чечилиши Өкмөттүн ишиндеги алгачкы милдеттерден болоорун кошумчалады.

Министр Таалайкүл Исакунова маалымдагандай, бүгүнкү күндө бизден ата-эненин камкордугусуз калган балдар жана бала асырап алууну каалаган мекендештер тууралуу мамлекеттик маалыматтар банкынын ишин калыбына келтирүү талап кылынууда. Бул чаралар балдарды асырап алуу процедурасындагы тутумдук мүнөзгө ээ болуп жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн зарыл болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий