• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев ЕРӨБ директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн делегациясы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн делегациясы менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жылуу тосуп алып, өлкөнү социалдык жана экономикалык өнүктүрүүдөгү банктын маанилүү ролун белгилөө менен

Кыргызстанда инфратүзүмдүк долбоорлорду, реформаларды жана бизнести колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери өлкөгө экономиканын ар түрдүү секторлоруна дээрлик 730 миллион АКШ долларын салган. Долбоорлордун учурдагы портфели азыркы тапта 184 миллион еврону түзөт, активдүү портфелдик 71 долбоор бар. Анын ичинен энергетикалык сектор - 5%, финансы институттары - 24% жана өнөр жай, соода жана агрардык тармак -18%. Ошол эле учурда жеке сектордун үлүшү дээрлик 53%.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, бүгүнкү күнү аймактарды өнүктүрүүгө, ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ирригацияны өнүктүрүүгө - жаңы сугат жерлерин киргизүүгө, санариптик трансформация программаларын ишке ашырууга, бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган долбоорлор Өкмөттүн жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы артыкчылыктуу тармактары болуп саналат.

Ал билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөн санариптештирүү жылы катары жарыяланган, Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жана 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы кабыл алынган.

Өкмөт башчы ЕРӨБ Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасы үчүн 2019-2924-жылдарга карата ЕРӨБ Стратегиясы кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын алкагында кызматташуу жүргүзүлөт. Стратегиянын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасына жана 2040-жылга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына шайкеш келет.

Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес климатты жакшыртууга көрсөтүлгөн жардам, бизнес чөйрөнү колдоого багытталган күч-аракеттер, анын ичинде ишкерликти коргоо үчүн Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүнү колдоого ыраазычылык айтты. Ал бул институт Кыргыз Республикасында ишкерлерди коргоо жана бизнес-климатты жакшыртуу механизмдерин күчтөндүрөрүнө ишеним билдирди. Премьер-министр бул долбоорду илгерилетүү боюнча бир кыйла жылыштарды белгилөө менен, Улуу Британиянын жараны жетектеген мындай институтту түзүү атамекендик бизнес үчүн маанилүү окуя болгонун баса көрсөттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытын өнүктүрүп жатканын белгиледи жана өлкөдө «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынганын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» Мамлекеттик мекемеси түзүлгөнүн маалымдады. МЖӨ борборунун негизги милдети: квалификациялык даярдык, МЖӨ долбоорлорун уюштуруу жана коштоо, МЖӨ ыкмаларын жакшыртуу боюнча министрликтер, мекемелер жана муниципалдык органдардын жардам берүүсү.

Учурда Кыргыз Республикасында экономиканын ар кыл багытында, саламаттык сактоо, шаардык инфраструктура, спорт жана туризм, транспорт, билим берүү, бажы логистикасы жана маданият тармактарында МЖӨнүн 23 долбоору ишке ашыруунун активдүү стадиясында. 23 долбоордун ичинен 3 долбоор жүзөгө ашырылып жатат, 12 долбоор даярдык стадиясында, ал эми 7 долбоор демилгелөө этабында болсо, бир долбоор жеке өнөктөштү тандоо стадиясында.

Премьер-министр ЕРӨБ өлкөдө МЖӨ өнүктүрүүгө жана ушул багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышаарына ишеним артаарын айтты.

Андан соң жолугушууда Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына байланыштуу темалар, бир катар маселелер боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Мындан ары өз ара кызматташуунун активдештирүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ЕРӨБ өтө амбициялуу пландары бар – ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында эле суу менен камсыз кылуу боюнча 28млн еврого, Жалал-Абад, Мырзаке-Куршаб, Кербен, Нарын жана Исфана шаарларындагы долбоорлорду ишке ашырууга 16 млн еврого гранттык каражатты кошкондо бирдиктүү 5 долбоорго кол коюу ниеттери бар экенин айтышты.

Премьер-министр делегация Кыргыз Республикасына жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады жана бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБ мындан аркы өз ара натыйжалуу кызматташуусуна кошумча дем берээрине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий