• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереванга келди

Өкмөт 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения) келди.

Ереван шаарынын аэропортунан Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Маалымдама: Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына:

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков;

- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Джекшенкулов;

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялык жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу бөлүм башчысы Айбек Айдарбеков;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев кирген.

Пикир

Оставить комментарий