• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы ар кыл тармактарда кызматташуу маселелери, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды.

Андрей Широков Өкмөт башчыга инфраструктура, айыл чарба жана энергетика чөйрөсүндөгү Фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой ар түрдүү жааттагы, анын ичинде ирригация, суу менен камсыздоо жана билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча республикадагы иштердин мындан аркы пландары тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Евразия фондуна социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Өкмөт социалдык маанидеги гранттык долбоорлорду кыйла активдүү илгерлетүүнү, өлкө өнүгүүсү үчүн мааниси зор инвестициялык долбоорлорду даярдоону колдой турганын белгиледи.

Абылгазиев жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков кызматташуунун стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгилешти, анда кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу иштеринин негизги артыкчылыктары аныкталат. Биринчи кезекте стратегияда аймактарды өнүктүрүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, санариптештирүү боюнча долбоорлор камтылышы керек.

Өкмөт башчы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу маанилүү өнөктөш менен республиканын келечектеги жемиштүү кызматташуусуна ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий